www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
6 жаштагы кызын өлтүргөн адам Англиянын жараны болуп чыкты

Айдар Нуралиев 28-октябрь 2019, 16:19

Коом Кылмыш жана кырсык Борбордук Азия жаңылыктары


6 жаштагы кызын өлтүргөн адам Англиянын жараны болуп чыкты

Алматы шаарында алты жаштагы кызын өлтүрдү деп шектелип анын атасы кармалган. Ал Улуу Британиянын 41 жаштагы жараны. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Алматынын райондор аралык соту кылмышка шектүү Баракат Мохамеддин баш коргоо чарасын карап, аны 2 ай камакка алуу чечимин чыгарган. Атасы кызын алгач айтылгандай муунтуп эмес, сабап өлтүргөнү аныкталган.

Эске салсак, 24-октябрда Алматыдагы беш жылдыздуу “InterContinental” мейманканасында атасы кызын муунтуп өлтүрдү деген маалымат тараган.

Чет элдик жаран мейманканага аялы, кызы менен бирге жайгашкан. Эрте менен кыйкырыктарды уккан мейманкананын кызматкерлери полиция чакырган жана 6 жаштагы кыздын жансыз денесин табышкан.

Полиция бул факт боюнча киши өлтүрүү беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүп жатканын, тиешелүү экспертизалар дайындалганын маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83