www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТЭЦти модернизациялоо иши. Айыпкерлерди сотко "дүңүнөн" күч колдонуп алып келишет

Аман Аскаров 28-октябрь 2019, 17:47

Турмуш Кылмыш жана кырсык Коом


ТЭЦти модернизациялоо иши. Айыпкерлерди сотко "дүңүнөн" күч колдонуп алып келишет

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча соттук отурум өтүп жатат.

Бирок ага мурдагы премьер-министр Сапар Исаков келбей жаткан. Аны бүгүн айла жок, күч колдонуп алып келүүгө туура келди. Алып келгени менен кийин ал конвойдун бөлмөсүнөн чыгууда баш тарткан. Анын “дарты” модернизациялоо ишиндеги башка айыпталуучуларга дагы жугуптур.

Исаковдун артынан соттук отурумга мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, улуттук энергохолдингдин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев жана “Электр станциялары” ишканасынын Бишкек ТЭЦин модернизациялоо башкарма тобунун экс аткаруучу директору Темирлан Биримкулов бар.

Эми алардын бардыгын “дүңүнөн” соттук отурумга күч колдонуп алып келишет. Мындай чечимди Свердлов райондук соту чыгарды.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83