www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төрага Дастанбек Жумабеков Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт менен жолугушту

Айдар Нуралиев 28-октябрь 2019, 18:36

Расмий кабарлар


Төрага Дастанбек Жумабеков Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт менен жолугушту

Бүгүн, 28-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Улуу Британиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Чарльз Гарретти кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы, парламенттер аралык кызматташтык маселелери талкууга алынды.

Төрага Дастанбек Жумабеков алгач элчини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, мамлекеттер аралык байланыштарды кеңейтүүгө салым кошооруна үмүт артарын билдирди.   

Андан тышкары, Төрага Кыргызстандагы жаңыланууларга токтолуп: “Биз адам укугун жана мыйзам үстөмдүгүн жактаган парламенттик-демократиялык башкаруу багытын тандап алдык. Андыктан бул жаатта тажрыйбасы мол Улуу Британия өлкөсү менен кызматташууга кызыкдарбыз”, – деди.

Ошондой эле Кыргызстан бардык өнөктөштөр менен өз ара саясий диалогду чыңдоого жана  ар кандай багыттагы алакаларды арттырууга даяр экендигин айткан Дастанбек Жумабеков: “Соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу башкы максаттарыбыздын бири. Ага ылайык, элчилик ишмердүүлүгүңүздүн алкагында аталган багыттар боюнча жигердүү иш алып барасыз деген ишеничтемин”,– деп кошумчалады. Муну менен катар Брексит жол-жобосу боюнча маселелер Британия элинин кызыкчылыктарына ылайык, ийгиликтүү чечилээрине үмүт кыларын билдирди.

Өз кезегинде Улуу Британиянын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Чарльз Гарретт айтылган бардык маселелер маанилүү экенине токтолуп, элчилик ишмердүүлүгүнүн алкагында парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүүгө да өзгөчө басым жасарын белгиледи.

“Биз мамлекет менен жеке ишкердик чөйрөсүнүн ортосундагы өнөктөштүктү жакшыртууга, анын ичинен Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин ишине көмөк көрсөтүүнү улантабыз”, – деди элчи.

Буга кошумча элчи парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу маселесин көтөрдү. Ошондой эле жолугушууда 2020-жылы өтүүчү парламенттик шайлоо тууралуу да сөз болду.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83