www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кезек депутат Исхак Масалиевге жетти. Уулун үйлөндүрүп тою "дүң" болду

Аман Аскаров 29-октябрь 2019, 15:20

Турмуш Коом


Кезек депутат Исхак Масалиевге жетти. Уулун үйлөндүрүп тою "дүң" болду

“Жаз - жарыш, күз - күрөш” дегендей, күзүндө күрөш катуу, аёсуз жүрөт. Бирок, эгин талаасында эмес, той-топур, үлпөт тойлор мейкиндигинде.

Октябрдын башында депутат Руслан Казакбаев менен түбөлүктүү революционер Азимбек Бекназаров уулдарын үйлөндүрүп, ал тойлор Кыргызстанга дүңгүрөгөн. Дүң болгону эми жаштардын баш кошуп жатканы эмес, ал иш чарага барган коноктордун катары менен ааламга чуу болгон. Экөөнүн тоюна акыр-чикирдин баары барган, сагалаган жолбун иттердей болуп. Ачка отурган кыргыз элинин кыжырын кайнатып.

Эми тойдун кезеги дагы бир депутатка жетиптир. Ал депутат Исхак Масалиев. Абсамат Масалиевдин небереси Адылбек колуктулуу болуптур. Бул тууралуу эл өкүлү жөн гана Фейсбук баракчасына чакан пост жазыптыр. Той кайда болгон, кимдер чакырылгындыгы тууралуу маалымат жок.

Бирок, Исхак Масалиев тажрыйбалуу, көрөгөч адам эмеспи. Киийинчерээк эле бир жерден ириген-чириген көпөс коноктору тууралуу маалымат чыгып калбаса эле, жөнөкөйлүүлүгү жагып турат. Жаштарга болсо бакыт каалайлы.  

 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83