www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
72 бөкөндү өлтүрүп, мүйүзүн кесип кеткен ...

Айдар Нуралиев 29-октябрь 2019, 11:58

Борбордук Азия жаңылыктары Кылмыш жана кырсык Коом


72 бөкөндү өлтүрүп, мүйүзүн кесип кеткен ...

Казакстандын Караганда облусунун полициясынын бүт жеке курамы 72 бөкөндү өлтүрүп, мүйүзүн кесип кеткен браконьерлерди издөө иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Караганда облусунун Нура районунда мамлекеттик аңчылык ишканасынын кызматкерлери 26-октябрда 30, 27-октябрда 42 өлтүрүлгөн бөкөндү табышкан. Бөкөндөрдү аткан браконьерлер алардын мүйүздөрүн араалап кетишкен.

Учурда бөкөндөрдү өлтүргөн браконьерлерди аныктоо жана колго түшүрүү иштери жүрүүдө. Тажрыйбалуу кызматкерлерден атайын топ түзүлгөн жана аталган облус менен коңшу облустарда блок-посттор коюлган. Учурда шектүү автоунаалар текшерилип жатат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83