www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Байлар да ыйлайт, Кыргызстанда байларды дагы ыйлатыш керек

Темирлан Келдибеков 29-октябрь 2019, 13:43

Коом


Байлар да ыйлайт, Кыргызстанда байларды дагы ыйлатыш керек

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров  парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде кийинки жылдын бюджети талкууланып жатканда: “Ашкере байлыкка салык деген бар. Ошону өкмөт күчөтүшүңөр керек. Мүмкүнчүлүгү бар аткаминерлер менен ишкерлер сөзсүз көбүрөөк салык төлөш керек. Бирок ал жалпы элге жайылтылбагандай болушу зарыл”, - деди Зулпукаров.

Расмий маалымат боюнча, быйыл алгачкы алты айда 38 миллиард 238 миллион сом салык жана төлөм чогултулуп, салык пландалгандан 1,5 миллиард сомго аз жыйналган. Өкмөт өлкөдө 247 миң салык төлөөчү бар экенин, анын 2145и чоң бизнестегилер, 2323ү орто бизнес экенин жарыялаган. Ал эми 242 миңи кичи бизнес.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев август айында 2145 ири бизнес бюджеттин 78 пайызын толтуруп жатканын, 242 миң өкүлү катталган кичи бизнес төлөгөн салык болгону алты пайыз экенин айтып, кичи бизнеске карата салык саясатын өзгөртүүнү сунуш кылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83