www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ФОТО - Көк-Жарда жаш жигитти атып кеткен кылмышкерлер изделүүдө

Аман Аскаров 29-октябрь 2019, 17:11

Турмуш Кылмыш жана кырсык Коом


ФОТО - Көк-Жарда жаш жигитти атып кеткен кылмышкерлер изделүүдө

Бишкек шаарында жаш жигитти тапанча менен атып кетишкен. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири күч түзүмдөрүнө таянып маалымат таратты.

Ага ылайык, каргаша 23-октябрь түнү болгон. Милицияга кабар саат 03:30да түшкөн. Анда 1997-жылы туулган жигитти Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылынан атып кеткендиги тууралуу кабарланган. Жабырлануучуга жалпысынан 5 жерине ок тийген. Белгилүү болгондой ага травматикалык тапанчадан ок чыгарышкан. Доктурлар жигиттин абалын туруктуу деп баалашууда, учурда ал жандандыруу бөлүмүндө.

Бул факты боюнча “Адам өмүрүнө кол салуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, милиция кылмышка шектүүлөрдү издеп жатат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83