www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Журналист президентке парламенттик шайлоо боюнча кайрылуу жасады

Бакыт Молдалиев 30-октябрь 2019, 09:01

Видеолор Саясат


ВИДЕО - Журналист президентке парламенттик шайлоо боюнча кайрылуу жасады

Журналист Кудрет Тайчабаров алдыда келе жаткан, 2020-жылдын күзүндө Жогорку Кеңешке өтүүчү шайлоодо кимдер келиши керек экендиги тууралуу пикирин айтып, аны президент калыс, тарыхта жакшы из калтыруучу мүмкүнчүлүгү бар катары колдоп берүүсүн өтүнүп, видеокайрылуу жасады.

Анда журналист мисал катары айрым жаңы жүздөрдүн, жаңы муундун өкүлдөрүнүн тизмесин да тизмектейт жана эгерде, мындай чечкиндүү кадамдар жасалбаса, Кыргызстан олигархтардын туткунунда кала берээрин билдирген. 

Мындан сырткары мурунку, 2015-жылдагы шайлоодо кайсы партиялар кандай жол менен келгендигин, мандаттардын баалары канча жүз миң доллар болгонун өзүнүн мисалында айтат.

Учурда Тайчабаровдун кайрылуусу жана ал сунуштаган тизмедеги инсандар боюнча соцтармактарда талкуу кызып жатат.

Эскерте кетсек, 2015-жылкы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо Кудрет Тайчабаров “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен талапкер болгон.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83