www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Соттор да футбол ойной алышат

Айдар Нуралиев 30-октябрь 2019, 10:41

Коом Спорт


Соттор да футбол ойной алышат

2019-жылдын 28-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан “Тамекисиз спорт” урааны алдында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин арасында жыл сайын өткөрүлүүчү Спартакиаданын кичи-футбол боюнча оюндары жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, бул мелдешке бардыгы болуп 24 мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен куралган 24  команда ат салышкан.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун курамы республика боюнча сот түзүмдөрүнүн мыкты оюнчуларынан куралып, Жогорку соттун атынан оюн аянтчасына чыгышкан.

Аталган турнирде Кыргыз Республикасынын Жогорку соту 6 беттеш өткөрүп, ар бир оюнду чоң эсептик айырмачылыктар менен утуп, ишенимдүү жеңишти камсыздай алышты.

Алсак, оюндун биринчи күнү эле Транспорт министрлиги менен ойноп 10:0 эсебинде утушса, кийинки оюндарда Улуттук статистика комитетин 7:1, Жогорку Кенешти 3:1 эсебинде утушкан.

Чейрек финалда кайрадан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин курама командасы менен кездешип 9:1 эсебинде, жарым финалда Юстиция министрлиги менен беттешип 6:1 эсебинде жеңишке жетишкен.

Финалда Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен бет келишип, аларды 4:1 эсебинде утушуп, Спартакиаданын кубогун алып кетишти.

Эскерте кетсек, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин арасындагы Спартакиада алтынчы жолу өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту  төртүнчү жолу  катышып жатат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83