www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Жинди" Жириновский тартып алгыча Ысык-Көлдү элге ыраа көрүш керек

Темирлан Келдибеков 30-октябрь 2019, 13:36

Коом


"Жинди" Жириновский тартып алгыча Ысык-Көлдү элге ыраа көрүш керек

“Ысык-Көл” биосфера аймагында суу чыгаруу жана тазалоо курулмалары жөнүндө” мыйзам долбооруна кошумча-алымчалар иштелип чыккан. Долбоор «Ысык-Көл» уникалдуу биосфера аймагын анын суу ресурстарына жана экосистемасына агып келип жаткан саркынды суулардын (анын ичинде калктуу конуштардын, рекреациялык объекттердин жана ар кандай чарбакер субъекттердин, анын ичинде коомдук тамактануу ишканаларынын жана автожуума жайлардын турмуш-тиричиликтик таза эмес сууларынын) терс таасиринен коргоого, Ысык-Көлдүн суусуна тикелей келүүчү экологиялык зыяндан коргоого, «Ысык-Көл» биосфера зонасынын аймагында сууну агымдылоого, саркынды сууларды тазалоого жана чыгарууга байланышкан иштерди жүзөгө ашырууда келип чыгуучу залалдардан калктын жана туристтердин ден соолугун сактоого, айлана-чөйрөнү коргоого, экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга, флораны жана фаунаны коргоого багытталган.

Талкуу учурунда эл өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун башкы планын иштеп чыгуу жана анын каржылоо маселесин так чечүү керектигин белгилешти. Депутат Кожобек Рыспаев көл жээгиндеги эс алуу жайларынын саркынды сууларды тазалоочу курулмалары жокторуна тыюу салынбаса, бара-бара көлүбүздү жоготуп алабыз деп тынчсызданды. Депутат Уланбек Примов талкууга келген эки мыйзам долбоорунда Ысык-Көл аталышы орусча, кыргызча варианттарында ар кандай берилип калганын белгилеп, бир түрдүү эле Ысык-Көл деп атоого алып келүүнү долбоордун демилгечилери менен КР Өкмөтүнө сунуш кылды.

Талкуу соӊунда аталган мыйзам долбоору “Ысык-Көл” биосфера аймагында суу чыгаруу жана тазалоо курулмалары жөнүндө” мыйзам долбооруна кошумча болуп бир топтомдо иштелип чыккандыктан, аны күн тартибинен алып салып, биринчи мыйзам долбоору менен чогуу талкуулоо чечимине келишти.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83