www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол кырсыгына кабылган жаранды таанып-билүү мүмкүн болбой калган

Аман Аскаров 30-октябрь 2019, 14:06

Турмуш Кылмыш жана кырсык Коом


Жол кырсыгына кабылган жаранды таанып-билүү мүмкүн болбой калган

Ош шаарында адам өмүрү кыйылган жол кырсыгы катталды. Окуя бүгүн, 30-октябрда эртең мененки саат 10дор чамасында Кулатов кичирайонунда болгон.

Анда оор жүк ташуучу “ДАФ” үлгүсүндөгү унаа айланма жолдон бурулуп жатканда белгисиз жаранды коюп кеткен. Маркум ошол жерден эле жан берген. Анын өздүгүн аныктоо татаал болууда. Себеби, алган жаракаттарынан улам аны таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Такталбаган маалыматтар боюнча көз жумган жаран унаанын алдына өзү кирип кеткен. Бул ишти Ош шаардык ИИБи иликтөөгө алган.

Булак: NazarNews.kg  

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83