www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Улукбек Жолдошбеков күрөш боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болду

Бакыт Молдалиев 31-октябрь 2019, 09:01

Видеолор Спорт


ВИДЕО - Улукбек Жолдошбеков күрөш боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болду

Венгриянын борбору Будапешт шаарында ушул күндөрү өтүп жаткан күрөш боюнча “U-23” (23 жаштан ашпагандардын) дүйнө чемпионатында балбаныбыз Улукбек Жолдошбеков алтын медаль тагынып, дүйнө чемпиондугун утуп алды.

Улукбек эркин күрөш боюнча 61 килограммга чейинки салмакта финалдык беттеште кечээ, 30-октябрь күнү кечинде индиялык Равиндер Равиндерди 5:3 эсебинде жеңип алды.

Кыргызстандык балбан финалга чейин биринчи беттеште түркиялык спортчу Селехаттин Сертти 15:6 эсебинде, экинчи атаандашы Валентин Блесецкти 6:5 менен, чейрек финалда казакстандык Даулет Тажибайды жеңип, жарым финалда япон балбаны Рютаро Хаяону 12:1 упай менен "уруп", ири утушка ээ болгон.

Белгилей кетсек, чемпионат 28-октябрь күнү башталып, ага Кыргызстандан тогуз спортчу барган.

Төмөндө Улукбектин финалдык жана ага чейинки жарым финалдык беттештеринин видеолорун сунуштайбыз.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83