www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМ "бийлик өкүлдөрүнүн уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы жок" дейт го. Чынбы?..

Бакыт Молдалиев 31-октябрь 2019, 09:01

Кылмыш жана кырсык Саясат


ИИМ "бийлик өкүлдөрүнүн уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы жок" дейт го. Чынбы?..

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов учурда бийлик өкүлдөрүнүн уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы жок экенин билдирди.

Криминалдын бийлик өкүлдөрү жана саясатчылар менен байланышы бар деген пикирлерге кошулбайм. Курманбек Бакиев бийликте турган 2007-2008-жылдары байланыш болгон. Мен Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча резонанстуу ишти иликтөөгө катышкам. Анын жыйынтыгында бийликтин, криминалдын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн турган 27 адам жоопкерчиликке тартылган. Ошондо бийликтин, күч органдарынын уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы болгону аныкталган, - деди Каниметов.

Ал ошондой эле учурда өлкөдө криминалдын таасири мурдагыдай эмес экенин кошумчалады.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү темасы «Мадина» базарында соода кылган Абдурахеман Хуфур аттуу ишкердин киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү белгилүү болгондон кийин кызуу талкуулана баштады. Бул кылмыш үчүн сегиз адам кармалып, алар ишкердин автоунаасына ээлик кылыш үчүн ушундай ишке барганы айтылган.

Андан көп өтпөй «Манас» аэропортунун жанында турган автоунаанын багажынан киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылып, анын жанынан ири суммадагы акчасы каракталганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83