www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад милиционерлери марш-бросок жасашты

Айдар Нуралиев 31-октябрь 2019, 10:04

Коом


Жалал-Абад милиционерлери марш-бросок жасашты

1-ноябрь Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата, бул жума ичинде Жалал-Абад ОИИБинин КККнын өзүнчө ротасынын өздүк курамы бир күндүк талаа шартында (марш бросок) машыгуудан өтүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, кесиптик майрамды утурлай, таң эртеден өздүк курам окуу машыгуу максатында түп көтөрүлүп, жүк каптарын даярдашып, атайын ок атуучу талаага 20 чакырым аралыкка жөө чуркап барышты. Милиция кызматкерлери үчүн көнүмүш болгондой эле, айрыкча алардын күжүрмөн даярдыктарын, чыдамкайлыгын, дене тарбия машыгуусун жана күжүрмөн куралдан ок атуудагы тажрыйбаларын текшерүүгө багытталган «марш бросок» бул күнү спорттук иш-чаралар менен да коштолду. Тактап айтканда, КККнын ӨРнын өздүк курамы 4 командага бөлүнүп, спорттун аркан тартыш, кол күрөш, таш көтөрүү жана башка түрлөрүнөн күч сынашышты.

Ал эми бул иш-чаранын соңунда машыгууда болгон кызматкерлер – Кыргыз милициясынын 95 жылдык майрамынын алдында мындай машыгуу аларга дем күч берип, эл-жер үчүн ак эмгек менен кызмат өтөөгө өбөлгө экендигин белгилешти.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83