Алтын Булат 31-октябрь 2019, 10:39
Пара менен кармалып, анысы айып пул менен чектелип үйүнө кое берилген чиновник кайра абакка кайтарылды. Бул тууралуу кечээ, 30-октябрда Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, ушул жылдын март айында Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Насирбек Алмаматов пара алып жаткан жеринен кармалган. Октябрь райондук соту аны 12,5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Ал эми бул ишти Бишкек шаардык соту карап жатканда, айыптоочу болгон прокурор негедир ага айып пул салууну суранып чыккан. Ошентип, Бишкек шаардык соту менен прокурордун “жардамы” аркылуу Алмаматов 3,3 миллион сом айып пул төлөө чечими менен сот залынан бошотулган.
Бирок, бул ишти караган Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун чечимин бузуп, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Ошону менен бирге Жогорку сот прокуратура тармагы өзүнө-өзү карама-каршы чыгып жатканын белигилешкен. Анткени прокурордун суранычына ылайык, Бишкек шаардык сотунун чечими ММКларга чыгып кеткендени кийин прокуратура кызматы ал судьянын чечимине каршы даттануу арызын жазган.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!