www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Мусабековага кайсы дарыгер таарынычын айтты?

Алтын Булат 31-октябрь 2019, 11:37

Коом


Депутат Мусабековага кайсы дарыгер таарынычын айтты?

“Өкмөт дарыгерлерди укуктук жактан камсыздашы керек”. Мына ушундай пикирин депутат Жылдыз Мусабекова бүгүн, 31-октябрдагы парламенттин “Ар түрдүү маселелер” жыйынында айтып чыкты.

- Көрүп атасыздар, биздин кээ бир адамдарыбыз ачуулангандыктан, ак халатчандарды иш убагында кемсинтип, сөгүп, керек болсо аларды сабап дагы коюп жатышат, -дейт Мусабекова.

Депутат айымдын айтымында, административдик бузуулар кодексине айып пул сыяктуу бир катар жазалар киргизилүүсү керек. Болбосо айлыгынын аздыгы жана ушундай укуктук жактан кордолуусунан улам бүгүнкү күнү жаш дарыгерлер чет өлкөлөргө иштегени чыгып кетип жатышат.

Мусабекованын мисалында, Орусияда медиктерди сөгүп, аброюна шек келтиргендерге эң азы 10 миң рубль айып пул салынат же 6 айга чейин камалат. Ал эми кол салса 2 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ошондуктан мына ушундай чечкиндүү кадамдарга биздин өкмөт барышы керек. Тезинен мындай мыйзамга толуктоолорун сунушташы керек.

Ошондо мыйзамга мына ушундай толуктоо кирип калса, “Чоң муштум” атыккан экс-депутат, мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашевго окшогондор коомдук иш-чарага тартылып, көчө шыпырып калабы?

Эске сала кетсек, Мурашев 2014-жылы ушул эле Жогорку Кеңеште депутат болуп олтурганда ачуусу менен дарыгерди сабап салып, коомчулуктун талкуусунда калган болучу.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83