www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
11 жаштагы кызды үчүнчү аял кылып алган имам айып пул төлөп кызды өзүнө калтырды

Бакыт Молдалиев 31-октябрь 2019, 14:16

Дүйнө жүзүндө Коом


11 жаштагы кызды үчүнчү аял кылып алган имам айып пул төлөп кызды өзүнө калтырды

11 жашар кыз менен нике кыйып, бүтүн интернет колдонуучуларды кыжырданткан 41 жаштагы малайзиялык имам айып пул төлөп кутулуп кетти. Имамдын бир нече аял алууга уруксаты жок болгондуктан, ал шарият боюнча 900 ринггит (15 147,8 сом) айып пул төлөгөн.

Белгилей кетсек, Малайзияда 11 жаштагы кыз менен 41 жаштагы эркек никелешкен эле. Кыздын ата-энеси жакырчылыктан кыйналгандыктан, кыздарын эрте турмушка беришкен. Алар бир гана күйөө баласынан кыздары 16 жашка толгонго чейин өздөрү менен туруусун суранышкан. Ошондо кыздын атасы эмнеликтен аны 41 жаштагы имамга турмушка бергенин түшүндүргөн эле:

“Мен аны үчүнчү аял кылып алгандан кийин, социалдык тармактарда мага айтылып жаткан сындар менен түрдүү айыптоолор үчүн катуу ачууланып, капа болдум”, - дейт Абдул Карим.

Белгилей кетсек, Каримдин эки аялы, алардан алты баласы бар. Имамга айып пул салуунун бир себеби, анын эки аялы үчүнчү аял алууга уруксат беришкен эмес.

"Медиаплов"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83