www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО: УКМК Кара-Көлдөгү сот менен милиция жетекчисинин пара менен кармалган видеосун жарыялады

Бакыт Молдалиев 31-октябрь 2019, 14:19

Видеолор Кылмыш жана кырсык


ВИДЕО: УКМК Кара-Көлдөгү сот менен милиция жетекчисинин пара менен кармалган видеосун жарыялады

Кара-Көл шаардык сотунун судьясы менен Кара-Көл шаарынын ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары пара алуу учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы видеосу менен бирге жарыялады.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 1-октябрында ИИМдин Ички иликтөө кызматына И.Ф. аттуу жаран кайрылган. Анда ал Кара-Көл шаарынын ИИБ кызматкери Кара-Көл шаардык соту Ы.П. менен биргеликте кылмыш ишинин оң өкүм чыгаруусу үчүн 100 миң сом пара талап кылганын айткан. Мындан тышкары ал эркиндигинен ажыратпаган бөгөт чарасы каралышы үчүн сот органдарына 30 миң сом пара берүүгө аргасыз болгон. Сотко чейинки өндүрүштүн матералдары УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-берениси (Опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

УКМК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-Көл шаарынын ИИБ кызматкери, милициянын капитаны Б.М. Кара-Көл шаардык соту Ы.П. менен сүйлөшүп алып, ортомчу катары оң өкүм кабыл алуу үчүн пара алууда сүйөшүүлөрдү жүргүзгөнү аныкталган.

Ошентип, 2019-жылдын 30-октябрында Кара-Көл шаарында өткөн ыкчам-тергөө иш-чаранын жүрүшүндө талап кылынган паранын бир бөлүгү 20 миң сом акча каражатын алууда Кара-Көл шаардык соту Ы.П. жана Кара-Көл шаарынын ИИБ башчысынын орун басары, милициянын капитаны Б.М. кармалды.

Азыркы убакта УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тиешелүү тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83