www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвада “Камап коюшту, алып кеткиле!" деген кыздын кылыгы... УЯТ!!!

Бакыт Молдалиев 31-октябрь 2019, 16:24

Коом


Москвада “Камап коюшту, алып кеткиле!" деген кыздын кылыгы... УЯТ!!!

Москвада “Камап коюшту, алып кеткиле! Даректи билбейм, суу эле берип жатат” деген кыргыз кыздын калпы чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда “Кыргыз Республикасынын мигранттарын колдоо” фондунун директору Тимур Саралаев билдирип, соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

Маалымат төмөндө толугу менен:

- Медалдын экинчи тарабы болот. Тилекке каршы, ушундай болуп калды. Кыргыздар Москвага келгенде кыргыздарга алданат (жасалма документтерди, табиятта жок арзан батирлерди сунуштап, иштетип айлык бербей койгондору, ж.б. толгон токой жолдор менен акча өндүрүү жолдорун ойлоп табышат). Болуптур, буга көнүп деле бара жатат көз менен кулак.

Эң күйдүргөнү кайра эле алдоо, бирок бул жолу башкача. Бир топ жаштар өздөрү туура эмес иштер менен бош жүрүп алышып, анан ата-энесинен, туугандарынан сөз укпаш үчүн элди дүрбөлөңгө салганы кыжалат кылат. Сүрөттөгү башын жерге салаңдап салып турган - Таңзада деген кыз. Ал “Кечээ күнү мени бирөөлөр алдап алып кетип, камап коюшту, алып кеткиле мени, даректи билбейм, суу эле берип жатат”, -деп боздоп аудио билдирүү жөнөткөн экен.

Ал заматта бүт соцтармактын бүт тайпаларына тарап, үч күндөн бери дайынсыз деп кыргыздын Москвасы чуулдап эле жатып калдык. Чуубуз элчи Аликбек Жекшенкуловго чейин жетип, ал киши дароо бул ишти өз көзөмөлү менен Москва шаарынын ИИМ начальнигине чейин жеткирип, издөө башталган. Соцтармактын күчү керемет демекчи, Москвадагы бир чоң дүкөндөрдүн биринде камалбай-боздобой эле, койкоюп жүргөн бул карындашты биздин мекендешибиз таанып калып, коңгуроо кагып, элди чакырып, кетирбей аны кармап калды. Тирүү, аман-эсенине бир чети сүйүндүм, а бирок калп айтыштын кереги бар беле, миңдеген адамдарды дүрбөлөңгө салып, “ложный тревога” кылып?

Полковник Аскат Алиевден баштап, далай начальниктер баш чайкашты го, кыздын кылыктарына... Көрсө, бир караңгы подвалда камалып олтурбай эле, жакшынакай бойдон ар кайсы жерде тентип жүрүптүр... Муну менен эмнени айткым келет? Бул жака келсек да тынч жүрөлүчү, жаман жактарыбызды көрсөтпөй, жакшы жагыбызды гана даңазалайлы, ини-карындаштарыбызды, өзгөчө кыздарды карайлы мекендештер. Чоң шаарда, чоң азгырыктар көп болот, адашууларга-алданууларга жол бербөөнүн бир гана жолу - силердин бекем көзөмөлүңөр, - деп жазат Саралаев.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83