www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанда кызы зордукталган мугалим аял экинчи жолу өзүнө кол салды

Бакыт Молдалиев 31-октябрь 2019, 14:41

Кылмыш жана кырсык Дүйнө жүзүндө


Өзбекстанда кызы зордукталган мугалим аял экинчи жолу өзүнө кол салды

15-сентябрда Кашкадарыя облусунун Касан районунда 40 жаштагы мугалим асынып өлүүгө аракет жасаган. Аны мектептен келген кызы көрүп, аман алып калган.

Бул мугалим аял былтыр, 2018-жылы да өзүнө өрт койгон. Маалыматка караганда, анын 14 жаштагы кызын зордуктаган киши жазага тартылган эмес, айылда болсо анын үй-бүлөсү тууралуу айың кептер тараган. Буга байланыштуу ал өз жанын кыйгысы келген.

Ал эми кызы болсо "Бир күнү мен үйдө жалгыз болчумун. Кошунанын баласы темир сурап келип, жер төлөдөн зордуктап койду. “Кимдир бирөөгө айтсаң, өлтүрөм” деп коркутту. Эки жумадан кийин келип кайра зордуктады", -деп айткан журналисттерге.

Кыз кош бойлуу болуп, 2018-жылы 10-майда көз жарган.

Учурда жергиликтүү журналисттер  жашы жете элек өспүрүмдү зордуктан жигит эмне себептен жоопкерчиликке тартылбаганын тактоо үчүн учурда райондук прокуратура, Аялдар комитети жана кыз окуган мектептин жетекчилиги менен байланышып, маалымат алуу аракетинде.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83