www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Американын депутаттары Трампты президентиктен кетиребиз деп чыгышты

Бакыт Молдалиев 01-ноябрь 2019, 08:31

Саясат Дүйнө жүзүндө


Американын депутаттары Трампты президентиктен кетиребиз деп чыгышты

АКШнын Өкүлдөр палатасы президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо ишине байланышкан иликтөөнүн кийинки баскычын баштоого жол ачкан резолюцияны колдоду.

Жөнөкөй көпчүлүк менен кабыл алына турган резолюцияны 232 депутат колдоп, 196 каршы добуш берди. Ага негизинен бардык республикачылар жана эки демократ каршы болду. Добуш берүүгө төрт эл өкүлү катышкан жок. Палатада демократтар көпчүлүктү түзөт.

Резолюция ачык угууларды өткөрүүгө, жабык жыйындардагы көрсөтмөлөрдүн стенограммасын ачыкка чыгарууга укук берет.

Бул добуш берүүнүн жыйынтыгы - Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси 24-сентябрда баштаган демилгенин биринчи жолу расмий колдоого алынышы.

Президент Дональд Трамп Өкүлдөр палатасынын чечимин куугунтук катары сыпаттады.

АКШда президентке ишеним көргөзбөө боюнча демилгеге жеткирген саясий жаңжал Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин 25-июлдагы телефон сүйлөшүүсүнөн улам чыккан. Атайын кызматтагы информатор анда Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантердин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген.

Демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы Трампты «ыйгарым укугунан аша чапты» деп айыптап, ага импичмент жарыялоону баштоо аракеттерине киришкен. Президент Трамп буга байланыштуу дооматтардын баарын четке кагып келет.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83