www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Кече" мафиясы: “Кыргызкөмүрдүн” директорун кимдер "чаап" кетти?

Бакыт Молдалиев 01-ноябрь 2019, 15:33

Кылмыш жана кырсык


Кара-Кече" мафиясы: “Кыргызкөмүрдүн” директорун кимдер "чаап" кетти?

Бишкектин “Тунгуч” кичирайонунда 30-октябрдын түнү “Кыргызкөмүрдүн” директорун белгисиз жарандар сабап кетишти, болгондо да арматура менен. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

30-октябрдын түнү Аширбаев спорттук залдан чыккан учурда беткапчан эки адам келип, темир арматура менен сабап салышкан. Анын жанында кымбат баалуу телефон жана акча да болгон. Бирок, кылмышкерлер алардын бирине да тийишкен эмес.

Аталган факты боюнча учурда Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин ачып, иликтөө иштерин баштады.

Аталган мекеме билдиргендей, Аширбаевге кол салуу - аны "Кара-Кече" көмүр кенине видеобайкоо орноттурганы болушу мүмкүн.

Коомчулукка буга чейин белгилүү болгондой, "Кара-Кече" көмүр кенинде мафиялык иштер жүрүп келет.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83