www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кыргызнефтегазга" эмнеге бийликтин тиши өтпөйт? Же эмне, анын милдетин Өкмөт алды беле?

Бакыт Молдалиев 01-ноябрь 2019, 16:03

Саясат


“Кыргызнефтегазга" эмнеге бийликтин тиши өтпөйт? Же эмне, анын милдетин Өкмөт алды беле?

Жалал-Абаддагы “Контент-медиа” коомдук фондусунун суроо-талабы боюнча быйылкы май айынан бери “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому бербей келаткан маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү октябрь айында берди.

Быйыл, 27-май күнү Жалал-Абад шаарындагы “Контент-медиа” коомдук фондунун жетекчиси Жалил Сапаров “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун жетекчиси Рашит Бостоновго кат жүзүндө суроо-талап менен кайрылып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында ушул компания тарабынан 2016-2018-жылдары өндүрүлгөн нефтинин көлөмү, кимдер тарабынан өндүрүлүп жатканы, кайсы жактарга жана канча көлөмдө сатылганы, нефть продуктыларынын уурдалышынын көлөмү тууралуу маалымат берип коюу өтүнүчүн билдирген. Бул суроо-талап ошол эле күнү коомдук фонддун өкүлү тарабынан “Кыргынзнефтегаз” компаниясынын маалыматтык байланыш адиси Руслан Абдумуталип уулунун колуна берилген.

Бирок, “Кыргызнефтегаз” ААК суроо-талапка мыйзамдуу мөөнөттө жооп берген эмес жана андан ары да маалымат берүүдөн баш тарткан. Ал эми “Контент-медиа” коомдук фондусу өзүнүн бузулган укуктарын калыбына келтирүү жана аталган компанияга мыйзамдуу чара көрүү маселеси менен Жалал-Абад облусунун прокурору Айбек Турганбаевге 2019-жылдын 18-июнь күнү атайын арыз менен кайрылган. Бирок, коомдук фондунун бул аракетинен да майнап чыкпады, анткени облустун прокурорунун орун басары Р.Нурмаматов 2-июль күнү кол койгон жооп катында “Кыргызнефтегаз” ААКга карата мыйзамдуу чараларды көрө албай турганын билдирген. Буга КР Юстиция министрлиги тарабынан мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктө “Кыргызнефтегаз” ААК жеке менчикте турарлыгы жазылган. Демек, ага карата прокуратура органдары текшерүү иштерин жүргүзө албайт. Облустук прокуратура Кыргыз Республикасынын “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинде журналист мамлекеттик органдардан, граждандардын өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан коомдук маанилүү маалыматты суратууга жана алууга укуктуу деп көрсөтүлгөнүн белгилеп, жеке тартипте сотко кайрылса болорлугун түшүндүргөн.

Прокуратура органдарынан жардам болбогон соң коомдук фонд 2019-жылдын 10-сентябрында маалыматка жетүү боюнча бузулган укуктарын калыбына келтирүү, тийиштүү маалыматтарды алуу максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М. Абылгазиевге кат аркылуу кайрылат. Катта ошондой эле “Кыргызнефтегаз” ААК жетекчиси Р.Бостонов коомдук фонддун жетекчисинин телефон номерине СМС билдирүүлөрдү жазып, юридикалык тараптардын ортосундагы маселени жекече тартиптеги маселеге айландырууга, бул маселени Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл аймагынын элдик курултайына алып чыгууга, эл ичиндеги өзүнүн тарапташтары аркылуу кысым жасоого ниеттенип жатканын билдирген. Жетекчинин мындай аракеттерине баа берип, чара көрүүнү суранган.

Натыйжада, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу 2019-жылдын 15-октябрында “Контент-медиа” коомдук фондуна жооп берип, суроо-талаптагы маалыматтардын жоопторун жиберген.

“Кыргызнефтегаз” ААК берүүдөн баш тарткан маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети даярдап, аны 2019-жылдын 24-сентябрында Өкмөттүн аппаратына жөнөткөн. Бирок, жооп катта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан маалымат берүүдөн баш тартып, “Контент-медиа” коомдук фондунун укуктарын бузган “Кыргызнефтегаз” ААК жетекчиси Р.Бостоновго кандай чаралар көрүлгөнүн же көрүлөрү тууралуу билдирген эмес.

“Контент-медиа” коомдук фонду өзүнүн иликтөө иштери үчүн зарыл болгон, “Кыргызнефтегаз” ААКтан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 14 күндүн ичинде алууга тийиш болгон маалыматтарды беш айдан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башчысына кайрылуу аркылуу гана алууга жетишкен. Ошол эле кезде юридикалык жактын, журналисттердин маалыматка жетүү укугун бузганы үчүн эч ким кечирим сурабаган жана КР мыйзамдарынын талабын бузганы үчүн “Кыргызнефтегаз” ААК жетекчисине эч ким тарабынан эч кандай чара көрүлгөн эмес.

Жалил Сапаров, “Журналисттер” КБнын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83