www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында коло медаль утту!

Бакыт Молдалиев 01-ноябрь 2019, 16:37

Видеолор Спорт


ВИДЕО - Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында коло медаль утту!

Кыргызстандык Айпери Медет кызы Венгрияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында үчүнчүлүктү багындырып, коло медалга татыды. Бул тууралуу чемпионаттын расмий сайты видеосу менен бирге жарыялады.

Маалыматка ылайык, кыз-келиндер арасында өткөн күрөш боюнча чемпионатта Айпери алгач италиялык Энрика Риналдини, андан соң канадалык балбан кыз Грейслин Дуганды утуп, жарым финалдык беттеште япониялык Юка Кагамиге упайдан алдырып жиберген. Ал эми коло медаль үчүн болгон күрөштө Айпери Монголиядан барган Ариунжаргал Ганбаттын үстүнөн жеңишке жетишти.

Күрөш боюнча 23 жашка чейинкилердин дүйнөлүк чемпионаты ушул күндөрү Венгриянын борбору Будапешт шаарында өтүп жатат.

Айпериге чейин кыргызстандык балбаныбыз Улукбек Жолдошбеков алтын медаль алып, дүйнө чемпиону аталган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83