www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Табылды Акеров: "Президент Жээнбеков жумшак мамиле кылып жаткандыктан, Абылгазиев өтө бактылуу премьер болуп жатат"

Айдар Нуралиев 01-ноябрь 2019, 17:45

Коом Маек Саясат


Табылды Акеров: "Президент Жээнбеков жумшак мамиле кылып жаткандыктан, Абылгазиев өтө бактылуу премьер болуп жатат"

Саясат талдоочу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров Кыргызстандагы азыркы абалды, өкмөт, оллигархтар жана "Коопсуз шаар" долбоору тууралуу "Жаңы Ордо" гезитине маек куруп берди

- Табылды мырза, Кыргызстандагы бүгүнкү абалды бир ооз менен кандай баамдай аласыз? Туура жолдо баратабызбы?

- Албетте, Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенден бери өлкөнү кайрадан демократия жолуна алып келүү боюнча бир топ чаралар көрүлдү. Өлкө турукташуу жолуна түшүп, акырындык менен алдыга жылууга багыт алды. Коом кайрадан демократиялык жолго түшүп келатат. Эски бийликтин үрөй учурган билдирүүлөрү, адам укуктарын тебелеп тепсөө, саясатчыларды, журналисттерди камоо, мүлкүнөн ажыратуу токтоду. Бирок, ошондой болсо да, дүйнөлүк өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, өткөөл мезгилдеги коом дайыма кайрадан авторитардык режимге кабылып, демократиялык процесстер жаңы келген бийликтин тепсендисинде калып, бийлик бир адамдын колуна топтолуп, анын монополиясына дуушар болуп калышы мүмкүн. Мисалы, Бакиев кеткенден кийин революционер Атамбаев бийликти толук монополия кылгысы келди. Бүгүн Сооронбай Жээнбеков кайрадан демократиялык багытка жол чаап жатат. Бирок, кийинки президент өлкөнү каякка алып кетет, биз билбейбиз. Аны убакыт көрсөтөт. Ошондуктан, коомчулук бийликти дайыма контролго алып туруусу зарыл. Биз дүйнөлүк тажрыйбаны эстен чыгарбашыбыз керек.

- Өкмөткө көп сын айтылып, аны атайы саботаж жасап жатат деп да күнөөлөп жатышат? Бул пикирлер канчалык чындыкка жакын?

- Абылгазиев чоң саясатка К. Бакиевдин учурунда келген. Бир топ кызматтарды аркалап, премьерликке жетти. Ошого коомчулукта Абылгазиевге өтө көп ишеним артылган болчу. Мамлекеттик кызматта көптөн бери болуп, такшалып калган кадр. Бул премьер-министр болсо, экономиканы оңдойт го деп ишенишкен. Себеби, бүгүнкү Конституция боюнча премьер-министр өтө чоң ыйгарым укукка ээ. Бирок, Абылгазиев «чү» дегенде эле, бир аз чабалдыкты көрсөтүп, анын өкмөтү ишти алып кете албачудай көрүндү. Абылгазиев өкмөттүн структурасына эч кандай өзгөртүү киргизген жок. Команда топтободу. Сапар Исаковдун командасы менен иштеп келет.

Өкмөттүн иши эч өзгөрүүсүз калды. Башкача айтканда Абылгазиев менин өзгөчө пландарым бар, баарын башкача кылабыз дегендей амбициясын ачык көрсөткүсү келген жок. Ошондуктан Абылгазиевди алгачкы күндөрүнөн тартып эле ар кандай сөздөр ээрчий баштады. Саясий оюнду мыкты билгендер Абылгазиев президентке каршы атайы саботаж уюштуруп жатат деп чыгышты. Мунун кандай мааниде айтылганын түшүнсөк болот. Бирок, чынын айтсак Абылгазиев бүгүн бир топ чыңалды. Аны мурдагы жаңы келген премьер Абылгазиев менен салыштырып болбойт. Көп нерсени түшүнүп, ишке бышып келаткан чагы. Маселени туура баамдап, туура жоопторду берип жатканы буга далил. Анткен менен али да болсо бардык процесстерди системалап алып кете албай жатат десек болот. Ошого аны президентке каршы саботаж кылып жатат деп күнөөлөп жатышат.

Мисалы, 2019-жылдын 23-сентябрында президент мамлекеттик тил боюнча олуттуу билдирүү жасады. Анда мамлекеттик тилдин абалына баа берип, абалды жакшыртуу, өзгөртүү боюнча өкмөт менен Билим жана илим министрлигине тапшырма берди. Андан бери канча убакыт өттү. Абылгазиев мамлекеттик тилге байланыштуу бир да иш чара өткөргөн жок. Бул туура эмес. Премьер болгондон кийин, президенттин ар бир билдирүүсүнө тиешелүү деңгээлде көңүл буруу шарт. Анын мындай кош көңүлдүгү коомчулук тарабынан саботаж катары кабылданып жатат.

Анан калса, Абылгазиев экономиканы деле жөнгө салып жиберчүдөй кадамдарды жасаган жок. Бирок, ошондой болгону менен Абылгазиев өтө бактылуу премьер болуп жатат. Президент С. Жээнбеков ага карата өтө эле жумшак мамиле кылып, андан көп нерселерди үмүттөнгөндөй болууда. Абылгазиев етө кызык аракеттерди жана билдирүүлөрдү жасап, оюнда кылып жатат деген сөздөр чыгууда. Жакында эле чиновниктерди электромобилдерге олтургузабыз деп, өлкөдө чыга элек электромобилди айтып күпүлдөдү. Анын артынан эле экономика министри «иномаркалардын» ордуна Орусия, Беларустун машиналарын алып келип, ошолорду минебиз деп, шефинин айталбай жаткан сырын ачыктап салды. Бул Абылгазиевдин кандайдыр бир деңгээлде атайылап эле көп нерселерди байкамаксан болуп жатканын кабарлайт.

- Илгери Ө. Бабановду олигархтардын жетегиндеги премьер дешчү эле. Эми бул сөздү Абылгазиевге жармаштырып жатышпайбы. Абылгазиев кантип олигархтардан чыга албай калган премьер болсун?

- Бюджетти бөлүштүрүүдө кызыктуудай фактылар байкалды. Мисалы, Кара-Суу районуна Ысык-Көл менен Нарын экөө үчүн бөлүнгөнчөлүк акча бөлүнгөн. Кара-Суу районунун акими Т. Матраимов биз андай акчаны сураган эмеспиз деп айтып салды. Абылгазиев үн ката алган жок. Бул Абылгазиев кайсы бир деңгээлде олигархтардын таасиринде калды деген сөздөрдүн пайда болушуна себепкер болуп жатат. Ал гана эмес, Абылгазиевдин олигархтар менен тыгыз байланышта экендигин көрсөткөн притчалар да чыгып кетпедиби.

Алардын биринде Абылгазиев менен казакстандык олигарх Графтын Ысык-Көлдөгү пансионаттары коңшу жайгашкан делет. Бир күнү Абылгазиев эс алганы келип, пансионатына кирсе, анын пансионатынын бурчуна бирөө бак тигип кетиптир. Бул бакты ким тикти, алып салгыла деп буйрук берет. Түштөнүүгө келсе, баягы бак дагы эле турат дейт. Абылгазиев кол алдындагылардын баарын сөгүп, алып салгыла дебедим беле деп ачууланып жатса, телефон шыңгырап калыптыр. Пансионаттын администратору ага телефонду сунат. Абылгазиев ким деп сураса, бактын ээси дейт. Ачуусу келип, трубканы жулуп алып, эми эле бардык заарын төгөйүн деп жатса, трубканын ары жагынан салам-дуба айтып, бирөө өзүн Графтын инисимин деп тааныштырып, сиздин корооңуздун бурчуна бак тигип койдум эле деп сөз баштаптыр. Анда ачууланып жаткан Абылгазиев дароо өзгөрүп, "Аа сиз тиктиңиз беле, бали, баракелде, укмуш бак экен. Караңызчы, менин короомо көлөкө кылып турат экен. Ылайым, көлөкөңөр бизге тийип турсун" деп шашкалактап, дагы кантип көңүлүн алууну билбей, ийиле жүгүнүп убара болуптур. Албетте, бул притча. Бирок, Графтын да, Абылгазиевдин да чын эле Ысык-Көлдө пансионаттары бар деп айтышат. Балким, экөө чын эле коңшу болуп жүрбөсүн?..

- Эгер коңшу болуп калса, анда кандай болуп калат?

- Эгерде коңшу болушса, анда Абылгазиев кайсы бир деңгээлде олигархтардын жетегинде деген сөздөр чындыкка жакын болуп калат. Бажы кайсы бир топтор үчүн дырдай ачык  дегенди билдирет. Абылгазиевди экономиканы көтөрүү проблемалары кызыктырбайт, ал эмки президенттикке енөктөштөрдү издеп, алар менен тыгыз байланышта болуп жатканын түшүндүрүп калат.

- Кыргызстанда коррупция менен күрөш күч алды. Бирок, коррупциянын ташын талкан кылуу али алдыда экенин айтышат. Көптөгөн адамдар камалды, ошондой болсо да коррупциялык аракеттер токтой элек. Мандеми эмнеде болушу мүмкүн?

- Кыргызстанда коррупция өкмөттүк деңгээлде «Кумтөр» проектиси менен башталды десем жаңылбайм. Эң алгач "Кумтөрдө" Кыргызстандын үлүшү 67% болуп, Канаданыкы 33% болчу. Канада 7 жыл иштеткенден кийин Кыргызстан кирешеге толук ээ болуп калмак. Бирок, андай болгон жок. Монголиядан жана Канададан кендерди кошушуп, Кыргызстандын үлүшүн тескерисинче төмөндөтүп жиберишкен. Кыргызстандын үлүшү 33%га чейин түшүп кеткен. Менимче, мунун себеби, 2003-жылдан баштап Кыргызстан "Кумтөрдөн" 67% киреше ала баштаса, ал бул алтындарды өзү сатканга ээ болмок да, дүйнөлүк рынокто дагы бир чоң оюнчу пайда болмок. Ошондуктан, канадалыктар жана биздин бийлик Кыргызстанды бул мүмкүнчүлүктөн ажыратып салды. Кыргызстан 67% кирешеге ээ болгондон кийин, өлкөдөгү бардык алтындарды өзү иштетип кетет, чет өлкөлүк ири компаниялардан көз карандысыз болуп калат дешкен. Мындан башка, Кыргызстан чет өлкөлөрдөгү алтын кендерин да сатып алып, иштетүүгө мүмкүнчүлүк алат деп коркушкан. Бул Акаев жана башка ошол кездеги бийликтеги саясатчылардын Кыргызстанга каршы эч кечирилгис кылмышы болгон. Мына бүгүн "Кумтөр" проектиси аягына чыгып баратат.

Монголия "Кумтөргө" жалганып алынган кен боюнча макулдашууну жокко чыгарып салды. Биз соттошууга аргасызбыз. Кыргызстан нечендеген үлүштөрүнөн айрылды. Канадалыктар "Кумтөрдү" ит бекер иштетип кетип калганы турат. Ошол эле учурда Кыргызстан мурдакы макулдашуулар бузулгандыгына байланыштуу кайрадан 67-33 пайыздык үлүшкө кайта албай жатат. Кыргызстанда бүгүн көпчүлүк коррупциялык иштердин баары «Кумтөр» проектиси менен үндөш. «Коопсуз шаар» долбоорун караңыз. Орусиянын коргоо министрлигине таандык кайсы бир фирма менен байланыштуу. Биз Кыргызстандын акчасына Орусиялык фирманы байытып жатабыз. Акчанын көпчүлүгү ошол жакка кетип жатат. Же болбосо, адам жүзүн тааныган камералар долбоорун алалы. Бул проект Кытай менен байланыштуу болуп жатат. Бул проект боюнча көп сөз жаралууда. Көзөмөлдөөчү видеолордун борбору Кытайда болот экен деп эл өтө кооптонуп жатат. Кытай Кыргызстандын ар бир жаранын жүзүнөн тааныганга мүмкүнчүлүк алып жатпайбы.

Биринчиден, Кытай тарап бул өлкөгө барган кыргыз жарандарын видео аркылуу таанып алып, ар кандай иштери үчүн вербовка кылууга ыңгайлуу шарт түзүлүп калышы мүмкүн. Экинчиден, Кытай саясатына каршы митингге чыккан жарандар үчүн да кооптуу. Үчүнчүдөн, ар бир Кыргызстандык олигарх, саясатчы, депутат, коомдук ишмер эмне менен алек болуп жатканы аларга белгилүү болуп турат. Мындан сырткары, Кытай менен Орусиянын ортосунда Борбордук Азия үчүн гео-саясий күрөш жүрүп келатат. Ар бир өлкөнүн атайын чалгындоо кызматы болот. Бул өлкөлөрдүн бизде миңдеген агенттери бар. Булар аркылуу Кыргызстандагы ар бир жаран эмне кылып жаткандыгын билип турса болот.

Мисалы, Кыргызстан эгемендүүлүккө чыккан жылдары 1916-жылдагы кыргыздардын боштондугу жөнүндө ММКларда бир топ макалалар чыккан. Окумуштуулар көптөгөн илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, бул көтөрүлүш улуттук көз карандысыздык үчүн болгон деп Орус падышачылыгы ошол кезде кыргыздарга каршы геноцид уюштурган деген бүтүмдөгү эмгектер жаралган. Аягында анын баары токтоп, азыр андай эмгектер жокко эсе. Себеби, Москва өз агенттери аркылуу биздин тарыхчыларды сураштырып тактап, анан атайы чалгындоо кызматын жөнөтүп, алар ошол тарыхчыларды Бишкектин сыртына алып чыгып, геноцид темасын экинчи көтөрбөө тууралуу кызуу аңгеме өткөрүп кетишкен деген миш-миштер айтылып жүрөт.

Ошондуктан, Кыргызстанда бүгүн бул тема мурдагыдай көтөрүлбөй калды. Мына ушундай коомчулукка белгисиз, етө кызыктуу жагдайлар болот. Ошондуктан, Кытай, Орусия менен иш кылып жатканда өтө абайлап аракеттениш керек. Балким айрым проектилерди ЖКнын, элдин элегинен өткөрүп туруу зарыл.

- "Коопсуз шаар» жана башка проектилерди киргизүүнүн башка жолу, финансылык булагы жокпу? Эмне үчүн сырткы компаниялар аркылуу киргизип жатышат?

-   Биринчиден, министрлер булардын Кыргызстанга, анын элине канчалык кооптуу экендигине маани беришпейт. Экинчиден, министр реформа кылбаса, иштен айдалып калышы мүмкүн. Ошого эптеп бир иш көрсөтүш үчүн, биринчи эле сунушту алып, аны анализдеп олтурбай, дароо ишке киргизүүгө шашат. Үчүнчүдөн, чет элдик компания менен кызматташуудан өзүнө тиешелүү үлүшүн ала алат. Бирок, жолдору бар. Мисалы, «Коопсуз шаарды» алалы. Бул проект өтө көп акча алып келип жатат. Жүздөгөн эмес, миллиондогон. Ошондуктан, бул проектти жергиликтүү бийлик өзүлөрү көтөргөнү оң болчу. Мисалы, Бишкек мэрия, региондордогу камераларды областтар көтөрүш керек болчу. Ошондо камералар аркылуу түшүп жаткан акчалардын баары Орусиянын компаниясына эмес, түздөн-түз жергиликтүү бийликке түшүп турмак. Бирок, бул проектти ишке ашырууну коррупциялык негизде Орусиялык компанияга жүктөп коюшкан. Ортодо милииондогон акчалар сыртка кетип жатат.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83