www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
92 жаштагы эне аны карылар үйүнө өткөрмөкчү болгон уулун атып салды

Бакыт Молдалиев 02-ноябрь 2019, 13:42

Дүйнө жүзүндө Коом


92 жаштагы эне аны карылар үйүнө өткөрмөкчү болгон уулун атып салды

Баягы эле Американын 48-штаты катары саналаган Аризона шаарында жашаган 92 жаштагы кемпир өз уулу аны карылар үйүнө өткөрөйүн деп жүргөнүн билип, аны өз колу менен атып салды.

Анна Блессинг өзү жарык дүйнөгө алып келген баласынын кантип мындай кадамга барганы жатканын ойлоп, кайгыга батат.

Натыйжада ал дүйшөмбү күнү эрте менен халатынын чөнтөгүнө эки тапанча салып барып уулу менен жолугат. Кары аял баласы ок атууга ыңгайлуу аралыкка жакындаганда, чөнтөгүндөгү тапанчасын алып уулун атып салган. Өзүн карылар үйүнө өткөрмөкчү болгон уулун өлтүргөндөн кийин, ал уулунун дос кызына да тапанча такаган. Бирок, кыз кемпирдин колундагы куралды алып үлгүргөн.

Бир өлүмдөн аман калган кыз полицияга телефон чалып, болгон окуяны айтып берген. Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери кемпирди дароо кармап, камакка алат. Ал адам өлтүргөнү үчүн айыпталууда.

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83