www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абдыгуловдуку “акпы?” Эмнеге Улуттук банктын төрагасы элдин эсебинен (бюджеттен) үй алып жашашы керек?..

Бакыт Молдалиев 02-ноябрь 2019, 13:56

Саясат


Абдыгуловдуку “акпы?” Эмнеге Улуттук банктын төрагасы элдин эсебинен (бюджеттен) үй алып жашашы керек?..

Кыргызстандын Улуттук банкы анын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун аталган банктан жеке үй алган карызын кечип жибергенин тастыктады. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда “Азаттык”  маалымат таратты.  

Андагы маалыматтарга караганда, Улуттук банк өздөрүнүн кызматкерлеринин социалдык тараптан колдоо катары үй алганга жана азык-түлүктөрүнө да жардам берип турат экен.

Ал эми банк кызматкери иш учурунда 1, 2-топтогу майыптыкты алса, банк кызматынын өнүгүүсүнө салым кошсо же каза болуп калса, Улуттук банк үйгө деп алган карызын кечип жиберет имиш.

Эскерте кетсек, төрага Толкунбек Абдыгулов 2015-жылы үй алат элем кокуй деп улуттук банктан 5 миллион 500 000 сом акча ссуда алган. 2017-жылы ал вице-премьерликке көтөрүлөт. Эми дал ошол саясий секиригин шылтап жана 10 жылдан ашуун иштеген банк кызматкери катары ал сиз менен биздин эсебибизден (бюджеттен) карыз  алган 4 млн 824 миң сомду кечип жиберип олтурат.

Эмне, Абдыгуловдуку “акпы”? Кандайча ал эл эсебинен үй алып жашашы керек? Канча деген карапайым адамдар банктагы карыздарын төлөй албай көчөдө калышты. Абдыгуловдо абийир, уят деген барбы деги? Эмне, үй алганга акчасы жок калыптырбы?..

Жогорку Кеңештеги "көпүрө, жол салгыч" депутаттар! Мыйзамдарды кароодо эмнеге ушундай чектен ашкан жосундарга жол бересиңер? Жооп берчү депутат барбы?

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83