www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тагдыр: "Уулумду башка аскерлер кармап алып оозуна тирүү жылан салып..."

Айдар Нуралиев 02-ноябрь 2019, 14:06

Турмуш Коом


Тагдыр: "Уулумду башка аскерлер кармап алып оозуна тирүү жылан салып..."

Айзирек апа (ред: аты өзгөртүлдү) уулун 2012-жылы аскерге ак тилек менен узаткан экен. Бирок жарым жыл өтпөй уулунун ооруканага жатып калганын уккан эне учуп жетет. Барса эле уулу энесин тааныбай акылынан айнып, психологиялык жактан ооруп калган болот. Болгон мал-жанды сатып, барбаган жери калбай, дарылатса болбой, уулу байламайын карматпаган оорулуу болуп калыптыр. Сыздаган эне менен "Фабула" гезити маек курду. 

- Айзирек апа, уулуңуз ага чейин ооручу эмес беле?

- Уулум абдан жоош, кой оозунан чөп албаган момун жигит болчу. Мектепти аяктагандан кийин эле Бишкекке окууга кетирели деп жатканбыз. Бирок аскерге чакыруу келгенде аябай кызыгып, аскер адамы болом деп жатып өзү кетем деп кетип калды. Мектепте эң жоош бала менин уулум болчу. Эч кандай оорусу да жок болчу. Татынакай, аймончоктой уулумду мекенди коргоо үчүн жиберип, эми минтип оорулуу адамды багып отуруп калдым. Уулумду үйлөнтүп, эл катары небере багаарда куурабадымбы...

- Дарыгерлер эмне деп жатышат?

-  2012-жылы аскерге кеткен. Жарым жылдан кийин эле бизге телефон чалып "Уулуңуз эсин жоготуп ооруканага түштү" - деп калышты. Учуп барсак, эс-учун таппай кислороддо жатыптыр. Эсине бир жумада араң келди. Экспертизага бердик, эч кандай тагы жок экен. Эсине келди. Бирок эч кимди тааныбай, акыл-эсин жоготуп коюптур. Кадимкидей эле басып-туруп жүрөт, бирок эч кимди тааный албай жатат. Оорусу кармаганда ай-буйга келбей, ким болбосун алып ыргытып, атырылып ооруп калды. Жакшы болуп калганынан айылга алып баргам. Оорусу кармап калган учурда эч ким кармай албайт. Кошуна-колоң, айыл ичи бүт коркуп бүтүштү. Оорусу кармаары менен элге чуркап асылып, эч нерсеге карабай кол салып жиберет.

Тап-татынакай уулумду ушинтип оорулуу кылып колума карматып койгон адамдарга наалат гана айткым келет. Эл коркуп үйгө кирбей калганынан бир бөлмөгө чынжыр менен байлап койгонго аргасыз болдум (ыйлап). Дарыгерлер "катуу коркуп калган, психикалык травма алган" дешти. Угушубузга караганда, баягы эле аскердеги жазылбаган мыйзам бар го, жаңы баргандарды сабай берген, ошонун азабынан уулумду башка аскерлер кармап алып оозуна тирүү жыланды салып коркутушкан имиш. Катуу чочуп калгандыктан эсин жоготуп, элирип ооруп калыптыр. Ким ушунчалык мыкаачылыкка барса да кудайым күбө. Мындай нерсени далилдей албайт экенсиң.

- Кыргызчылык менен дарылатып көрдүңүздөрбү?

- Барбаган жерибиз, бүбү-бакшы калган жок. Бир аз оңолуп калып эле кайра оорусу кармаганда эч ким кармай албай калат, аябай күчтүү да болуп кетет. Улам-улам дарылатып турабыз. Бирок жылыш жок. Тууган-туушкан, айыл ичи менен киришип-чыгышпай абдан чүнчүп, басынып бүттүм. Мындай тагдырды душманыма да каалабас элем.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83