www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пил унаанын үстүнө жатып эс алды

Айдар Нуралиев 02-ноябрь 2019, 17:50

Коом Дүйнө жүзүндө


Пил унаанын үстүнө жатып эс алды

Таиландда зор пил автоунаанын үстүнө жатып алып эс алууну чечкен. Унаанын айдоочусу качып кетүүгө үлгүргөн. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Дуэа аттуу 34 жаштагы пил Таиланддагы «Кхауяй» улуттук паркында жүргөн туристтин автоунаасынын үстүнө чыгып кеткен. 7 тонналык Дуэа унаанын үстүнө алгач алдыңкы буттарын коюп, андан соң үстүнө чыгып жатып алган. Мунун натыйжасында, унаанын айнектери сынып, дөңгөлөктөрү жарылып, кузову жалпайып калган. Айдоочу унаадан качып чыкканга үлгүрүп, кырсыктан аман калган.

«Кхауяй» улуттук паркына барууну каалаган туристтерге пилдерден жок эле дегенде 30 метр алыстыкта болууну эскертишет.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83