www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооганстанда мина жарылып, тогуз окуучу мерт кетти

Кызгалдак Жакыпова 03-ноябрь 2019, 12:39

Дүйнө жүзүндө


Ооганстанда мина жарылып, тогуз окуучу мерт кетти

Ооганстандын Тахор облусунда жол четине орнотулган мина жарылып, тогуз окуучу набыт болду. Облус акиминин басма сөз катчысы Жавад Хижрийдин айтымында, 1-ноябрда эртең менен сегиз жарымда окуучулар мектепке баратканда минага туш келишкен. Бийлик аны талибдерден көрүп жатат. Бирок жоопкерчиликти азырынча эч бир топ өзүнө ала элек.

Тахор облусунда «Талибан» кыймылынын жоочулары көп.

Ооганстанда салгылашуулар кырк жылдан бери уланып келатат. 2018-жылы «Куралдуу кагылыштардын маалымат базасы долбоору» (ACLED) бул мамлекетти өлүм саны боюнча дүйнөдөгү эң калабалуу аймак деп жарыялаган, деп Азаттык жазып чыкты.

Булак:NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83