www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абылгазиев жана Ирандын биринчи вице-президенти Эсхак Жахангири эки өлкөнүн кызматташтык маселелерин талкуулашты

Кызгалдак Жакыпова 03-ноябрь 2019, 12:47

Саясат


Абылгазиев жана Ирандын биринчи вице-президенти Эсхак Жахангири эки өлкөнүн кызматташтык маселелерин талкуулашты

Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасына) иш сапар менен барган Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Эсхак Жахангири эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн маданий жана тарыхый байланыштарын, ошондой эле кыргыз-иран мамилелеринин потенциалын эске алуу менен эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыктын орчундуу маселелери талкууга алынды.

Мухаммедкалый Абылгазиев жана Эсхак Жахангири аракеттешүүнүн өз ара кызыкчылык жараткан тармактарында кызматташууну тереңдетүүгө эки жактуу кызыкдарлык көрсөтүштү.

Анын ичинде Иранга айыл чарба жана мал чарба продуктуларын ташуу көлөмүн көбөйтүү келечеги талкууланды. Мындан тышкары тараптар газ, мунайзат, транспорттук-логистикалык, туризм чөйрөлөрүндө, жарандык авиация жаатында алака түзүү боюнча пикир алышышты.

Ирандын биринчи вице-президенти Эсхак Жахангири эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө жаңы дем берүү жана биринчи кезекте өлкөлөрдүн соода-экономикалык кызматташуусун жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого даярдыктарын билдирди.

Анын айтымында, Иранга Евразия экономикалык биримдиги тарабынан жеңилдиктер режиминин берилишин эске алганда, бул максаттар өзгөчө мааниге ээ болот.

Ирандын биринчи вице-президенти Эсхак Жахангири кыргыз тарапка өлкөлөр ортосундагы визалык режимди жеңилдетүү жөнүндө маселени кароону сунуш кылды.

Соода жүгүртүүнүн учурдагы көлөмү өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын азыркы дараметине жана мүмкүнчүлүктөрүнө толук кандуу жооп бербестигин айткан Мухаммедкалый Абылгазиев жана Эсхак Жахангири тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине биргелешкен иштерди активдештирүүнү тапшырышты.

Кызматташтыкты кеңейтүүнүн алкагында жакынкы мезгилде артыкчылыктуу багыттар боюнча өлкөлөр ортосундагы кызматташтык маселелеринин деталдарын иштеп чыгуу үчүн өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болот.

Ирандын биринчи вице-президенти Эсхак Жахангири Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди ыңгайлуу учурда Иранга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83