www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абадда ЖККУнун төш белгиси тапшырылды

Айдар Нуралиев 04-ноябрь 2019, 11:03

Турмуш Коом


Жалал-Абадда  ЖККУнун төш белгиси тапшырылды

Бүгүн 4-ноябрда, Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) тарабынан “Нерушимое братство – 2019” бирдиктүү машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, машыгууда берилген милдеттерди так аткаргандыгы үчүн “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командиринин орун басары, милициянын улук лейтенанты Тынычбек Сейитовго “25 лет Договору о коллективной безопасности” юбилейлик төш белгиси ыйгарылды.

Ошондой эле өзүнө кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыктары, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо зор салым кошкондугу үчүн жана 1-ноябрь Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдык мааракесине карата бир катар кызматкерлер ИИМдин жана Жалал-Абад ОИИБнин ардак грамоталары менен сыйланышты.

Булак: NazarNews.kg

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83