www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамбетжунус Абылов: “Бекназаровдун жакында 10 миң кишини аянтка алып чыгам дегени чын”

Айдар Нуралиев 04-ноябрь 2019, 12:56

Коом Саясат


Мамбетжунус Абылов: “Бекназаровдун жакында 10 миң кишини аянтка алып чыгам дегени чын”

NazarNews маалыматтык агенттиги БШКнын экс-төрагасы, экс-элчи жана коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов менен Кыргызстандагы учурдагы саясий абал, Элдик Курултайдын даярдыгы тууралуу маектештик.

- Саламатсызбы, Мамбетжунус мырза, Курултайдын даярдыгы кандай болуп жатат, бийлик сиздер менен кызматташууга даяр болдубу?

- Курултай маселесин талдаганда биз эки нерсеге көңүл бурушубуз керек. Биринчиси, Элдик Курултай институту Конституцияда каралганы менен, ал тууралуу мыйзам али кабыл алына элек. Ошондуктан Элдик Курултайды биздин мамлекетте ар кандай коомдук уюмдар өздөрү ич ара макулдашкан чекте колдонууга мажбур болушууда. Мындай кырдаалдан чыгуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары К. Иманалиев, К. Бокоев, И. Өмүркулов Элдик Курултай тууралуу ар бири ар башка үч мыйзам долбоорун даярдашып, парламенттик талкууга алып чыкканы турат деген менде кабар бар. Президенттик администрациянын чечими менен бул процесске биздин Аткаруу комитетибизден К. Кошалиев, Т. Акун жана Ч. Абыкеев катышууда. Бул деген бийлик биз менен кызматташып жатат дегенди тастыктайт. Ошондуктан Элдик Курултай тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жеткенде, биздин ушул аталган үч адамыбыз парламенттин талкуусунда депутаттарга да биздин пикирди так жеткирет деп үмүт кылып жатабыз. Экинчиси, Элдик Курултай тууралуу даярдалып жаткан мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште депутаттардан колдоо тапкыча, биз Элдик Курултайды өзүбүз макулдашкан чекте пайдалана беребиз.

- Кадр маселесинде кемчиликтер көп экени айтылууда, дипломат катары сиздин буга оюңуз кандай?

- Кадр маселесин талдаганда да эки нерсеге көңүл буруу абзел. Биринчиси, мамлекеттик кызматта тажырыйбалуу жана таза инсандар болушу зарыл. Буга бүгүн Текебаев меники деп атап жаткан Конституциябыз жол бербейт. Себеби, Текебаевдин Конституциясы «разделяй и властвуй» деген принципти туу туткан Конституция. Ошонун кесепетинен бүгүн парламентте отурган алты партия биздин жалгыз өкмөттү алтыга бөлүп алышып, жооптуу кызматтарга өздөрүнүн жакын адамдарын киргизип, өкмөттү каалагандай бийлеп жатышат. Партиянын атынан кызматка келген адам өкмөт башчысына эмес, партия жетекчисине, өкмөттүн программасына эмес, партиянын лидерине баш ийип, элге, өлкөгө пайдалуу кызмат кыла албай жатат. Ошондуктан биздин Аткаруу комитет мындай Конституцияны жоюш үчүн 12 миң 700 шайлоочунун кол койгон талабы менен, референдум өткөрүү боюнча Жогорку Кеңешке төрт ай мурун мыйзам долбоорун киргизген. Тилекке каршы, Жогорку Кеңештин төрагасы Д. Жумабеков ушу маселебиз боюнча жолугам деген убадасынан тайып, ушул күнгө чейин биздин демилгечи топту кабыл албай жатат. Мунун өзү мыйзам бузгандыкка жатат. Себеби, элдин демилгесине макул же макул эмес деген расмий жоопту берүүгө Жогоку Кеңештин эки ай гана укугу бар. Экинчиси, ушундай кырдаалда, кадр тандоо маселесине өлкөбүздүн президенти С.Жээнбеков чечкиндүү киришиши керек. Себеби мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын көздөбөгөн мыйзамдарга президенттин вето койгонго укугу бар. С. Жээнбеков бүгүн «разделяй и властвуй» деген принциптеги биздин Конституцияга вето коюп, Конституция боюнча референдум өткүчө, кадр маселесин өз колуна алса, элдин алкышына эле калган турат. Эгер ал мындай кадамга барбаса, өлкөдө тамырлап кеткен коррупция токтобой, элдин бийликке болгон үмүтүн үзөт. Ушундай болуп калса экен деп самап жүргөндөр бийликке каршы үн ката баштаганын биз бүгүн көрүп турабыз.

- Жакында эле Убактылуу өкмөт мүчөлөрү президент менен жолугуп чыкты. Жашыруун маселе көтөрүлүшү мүмкүнбү, уккан жоксузбу?

- Бул жолугушуунун өзү жашыруун болбогондуктан, жашыруун деле сөз ал жыйында болгон жок деп ойлойм.

- Бекназаров президент С. Жээнбековдон мурдагы президент А. Атамбаевди үй камагына бошот деп айтканы чынбы?

- Менин укканым боюнча, президент С.Жээнбеков менен Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жолугуп жаткан учурда, менин жеке пикирим деп атап А. Атамбаевди үй камагына чыгаруу тууралуу А. Бекназаров кеп кошуптур. Пресс-конференция өткөрүп жатканда журналисттерге муну А. Бекназаров өзү тастыктады.

- Баса, А. Бекназаров жакында митинг кылып, 10 миң киши топтоп аянтка чыгат экен деп жергиликтүү ММК жазып чыкты…

- 14-декабрда Элдик Курултай өткөрүү туралуу биздин Аткаруу комитеттин бул чечимин колдойм деп айтып, анан жыйындын акырында мен өзүм 24-ноябрда Лениндин эстелигинин алдындагы аянтка эл топтоп митинг өткөрөм деп А. Бекназаров бизге айткан. Мындай жолго барбаса Жогорку Кеңеш конституциялык реформа жана референдум маселелерине тиешелүү көңүл бурбайт деген ал. Бирок, аянтка топтолгон элдин ичине тополоң чыгарууга кызыктар адамдар да кирип кетишин биз эске алып, Аткаруу комитеттин мүчөлөрү А. Бекназаровдун бул айтканын добушка да койгон эмес. Добушка салса да анын мындай калоосу бизден колдоо таппасын билип, ушул калоосун добушка салгыла деп ал өзү да бизден талап кылган эмес. Анан А. Бекназаров 10 миң кишини аянтка чогултат деген маалыматты жергиликтүү сайттан мен да окуп таң калдым. Эске сала кетейин, А. Бекназаров көрүнгөнгө балта сап боло берип оозу абдан күйүп калган тажырыйбалуу саясатчы. Эми ал бирөөлөрдүн азгырыгы менен элди көчөгө алып чыгаарына мен ишенбейм. Ал биз көтөрүп жаткан элдин, өлкөнүн көйгөйлүү маселелерине өкмөт менен парламент тарабынан суз мамиле болуп жатканына кыжаалат болуп, элди көчөгө алып чыгам дегенге барып жатат деген пикирдемин. Себеби биз койгон маселелерге президент С. Жээнбековдон башка бир да бийлик бутагы тиешелүү көңүл бурбай жатканы чындык. Бекназаров менен Жогорку Кеңештин төрагасы Д. Жумабековдун жолугуудан баш тартып койгону, А. Бекназаров менен жолуккандан кийин, премьер министр М. Абылгазиев өкмөт антип айткан эмес деп гезит аркылуу А. Бекназаровду калпычы көрсөткөнгө далалат кылганы Бекназаровдун ушундай кадамга баруусуна түрткү болду деп ойлойм.

- Азыркы учурдагы саясат тууралуу пикириңиз кандай?

- Эмдиги жыл - парламентти шайлоо жылы. Депутаттык мандатын сактап калууну эңсеп жаткан инсандар, шайлоо кодексине өзгөртүү киргизип, 9 пайыздык тосмону 3 же 5 пайызга түшүрүш керек деген пикирди бүгүн элге катуу таңуулай баштады. Мунун эки эле максаты бар. Биринчиси, эгер тосмо пайыз 3 же 5 пайызга ылдыйласа, анда парламент мурдагыдай эле өкмөттү алты, жетиге бөлүп, өз бийлигин бүгүнкү депутаттар кайра сактап калат. Экинчи максат, эгер тосмо пайыз 9дан ылдыйлабай, депутаттык мандаттан ажырашса, алар Акаевге эл 2005-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен каршы көтөрүлгөндөй кырдаалды эмитен түзүүнү көздөп да, эңсеп да жатышат. Булардын тузагына Акаевдей болуп илинбеш үчүн, парламенттик шайлоо менен бирге Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду 2020-жылы кошо өткөрүү керек. Ошондо гана жаңы башкаруу системасы өлкөдө орноп, бүгүнкү былыктарга бөгөт коюлат. Президент С. Жээнбековдун көңүлүн мына ушуларга буруш үчүн биздин Аткаруу комитет бүгүн болгон күчүн жумшап жатат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83