www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Текебаев Бабанов менен бирге отурганын актана баштады

Темирлан Келдибеков 04-ноябрь 2019, 13:12

Коом


Текебаев Бабанов менен бирге отурганын актана баштады

Атамбаевдин бийлиги учурунда мародерчулук боюнча “ит жебеген бокторду” жешип жүрүшкөн, азыркы учурда бириге калып блок түзгүсү келген Текебаев менен Бабановдун тандеми, баласын бапестеп Атамбаевди өзүнө жакындатып жатканы элдин оозун ачырууда.  

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Эркин маалымат» «YouTube» каналындагы маегинде тойдо «Республика» партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов менен бир үстөлдө отурганы боюнча кенен комментарий берген. Текебаев Бабановдун башына иш түшүп турган учурда андан качуу мырзалыкка жатпай турганын айтып, ага мурдагы кызматташы катары баа берген: “Бабанов мага караганда үч эсе көп добуш алды. Эл Бабановду мага караганда үч эсе көп сыйлап, үч эсе көп ишенет экен. Баш мыйзамда «Жогорку Кеңештин депутаттары жеке мамилеңерди таштап, биргелешип иштегиле» деген эреже бар. Эгерде 45 жумуш күндүн ичинде бир пикирге келе албасаңар, парламент тарайт. 2015-жылы эл Бабановго мага караганда үч эсе көп добуш берип жөнөтсө, мен аны менен отуруп иштешишим керек, - деди Текебаев.

Саясатчы Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта азыркы тапта өзүнө байланыштуу баш-аягы сегиз иш иликтенип жатканын айткан. Алардын ичинен төртөөнүн чоо-жайы белгилүү. Калган иштер боюнча Бабанов өзү да, мамлекеттик мекемелер да маалымат бере элек. Буга чейин Өмүрбек Бабанов өзүнө козголгон иштер боюнча УКМК менен Финполицияга бир нече жолу сурак берип чыккан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83