www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Чыпалак баатыр": “Гулнур Сатылганованы жакшы көрүп калдым” 

Айдар Нуралиев 04-ноябрь 2019, 14:51

Маданият Маек


"Чыпалак баатыр": “Гулнур Сатылганованы жакшы көрүп калдым” 

“Мен мындан ары Гулнур Сатылганова ырчы эжеми өтө сыйлап калдым. Ага башымды ийип таазим кыламын. Ал өнөрдү терең түшүнгөн, ар бир нерсени өз убагында так, туура сезип, баалай билген айым экен. Жүрөгү кыргыз деп соккон баатыр эжемди бир күнү үйгө чайга чакырып сыйлаймын”, -деген пикирин билдирди NazarNews.kg маалымат агенттигине жакында эле өзүн “Күчмен” деп атаган “Чыпалак баатыр” каймана аттуу Зарылбек Аликенов. 

“Менин күчтүү экенимди, коркунучтуу трюктарымды эже тойлордо дагы байкап жүрөт. Мен да жакында болуп өткөн Казакстандагы “Талент шоуго” барып катышкан элем. Калыстар тобу мен жасаган трюктардан коркуп калыстык баа бере алышкан жок. Коркунучтуу трюктарды жасагандан өлсөм башында эле өлүп калмакмын. Анда мен жасаган трюктардан калыстар иттей корксо эмне үчүн биринчи турдан өткөрөт. 500дөй таланттуулардын арасынан 2 турдан суурулуп чыгып, финалга келгенде Ситора мага көзүн алайтып, Гүлнур Сатылганова эжебиздин “кнопкасын” басып коёт кыжырды келтирип. Ситорага иттей кыжырым келди, мен үчүн коркпой эле койсун”, -дейт Чыпалак баатыр. 

Эске сала кетсек, Казакстандын “Хабар” телеканалы Central Asia’s Got Talent (Борбор Азия мыкты таланттууларды издейт) деген аталышта атайын шоу программасын алып чыккан. 

Жаңылай Сталкеримова, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83