www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ширин Айтматова "чырчылыктан" "ырчылыкка" өттү

Айдар Нуралиев 04-ноябрь 2019, 14:28

Саясат


Ширин Айтматова "чырчылыктан" "ырчылыкка" өттү

Парламенттик шайлоо алдында Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышына кирүүгө умтулган саясатчылар гана эмес, элди аң-сезимдүүлүккө, коррупция менен күрөшүүгө чакыруулары менен коомго «басым» жасоого аракет кылган, хайптар аркылуу өз атын чыгарууну көздөгөн коомдук активисттер дагы жанданды. Жарандык активисттердин катарына жакында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы – Ширин дагы аралашты.

Эгерде бир факты болбосо ал дагы кадимки көрүнүш катары кабыл алынмак: Ширин коррупция менен күрөшүү жөнүндө кыйкырып, жума сайын басма сөзгө чыгып, жөн жерден мурдун тыккан жок. Анткени Ширин Айтматова дагы буга чейинки Адиль Турдукулов же Равшан Жээнбеков сыяктуу башка кызыктар жактар демөөрчүлүк кылган «долбоор» экенин моюнга алган туура. Болгону алар эчак эле демөөрчүлөрдүн демин сууткан жана аларга жаңы медиа жүз табуу керек болчу.

Кыязы Ширин тандоого ылайык келип калды көрүнөт. Анда башкалардан эч кандай өзгөчөлүгү жок жаш кыз Жогорку Кеңештин өткөн чакырылышында «Ата Мекен» партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин өзүнүн чакыруусу боюнча депутаттык төш белги алгандан кийин коомчулукка белгилүү болгон.

Ал кезде партиялык жетекчиге секс-чатактан кийин өзүн кайра реабилитациялоо керек болчу жана «жаңы жүздөргө» абдан кызыктар болуп турган. Ошол учурда Айтматова так ошондой жаран болгон. Ал жаңы эле чет өлкөдөн келген, ал жактан жакшы билим алган жана карапайым эл үчүн алдыңкы жаштарды бири катары сезилген.

Бирок Айтматова өткөн чакырылышта өзүн көрсөтө алган жок: парламенттеги кесиптештери менен мамиле түзө албады, аларды көп сындады; андан тышкары, өзүн чоң саясатка жетелеп келген партиялык босско дагы элпек болгон жок; анын өзүнүн көз карашы бар болчу; фракциянын генералдык тартибин карманган жок, кыскасы кежир жана абдан эле өз алдынча болду. Анын бүткүл бедели атасынын – улуу жазуучунун кадырына таянып келген. Айтматова өзүнүн жарандык көз карашын 2019-жылдын жайынан тартып жигердүү билдире баштады, анда ал коррупцияга каршы акциясын (албетте тыш жактардын колдоосу менен) ишке киргизген жана Матраимовдорго чабуул баштаган.

Айтмакчы Кыргызстанга абдан таанымал болгон Матраимовдордун үй-бүлөсүнө чабуул коюу менен Ширин өзүнүн атын дагы коомго адилеттүүлүк жана чындык үчүн күрөшкөн инсан катары таанытууну максат кылган. Бир топ акцияларды жасап, Матраимовдордун кадыр-баркын маданиятсыздык менен тебелөөгө өттү.

Коомчулук Ширин Айтматованын мындай акылсыз жоругун сын көз караш менен кабыл алды. Алгач Шириндин айткандары коомчулукту таң калтырды. Акыркы төрт жыл ичинде ал өзү дагы көрүнгөн эмес, үнү дагы чыкпай калган, анан эле капыстан эле жаандан кийинки козу карындай чыга калды: саясий талаада күтүүсүз пайда болуп, андан дагы коомчулуктун көз карашына таасир этүүгө аракет кылууда.

Кийинчерээк Айтматованын билдирүүлөрү үзгүлтүксүз боло баштады, ал өзү дагы жаңы кыймыл түзөөрүн жана жеке кеңсесин ачаарын жарыялады: кызды кимдир бирөөлөр каржылап жатканын, болгондо дагы чоң акча менен колдоого алганын коомчулук дароо түшүндү.

Ал эми социалдык тармактарда жигердүү колдонуучулар көптөн бери мындай суроого жооп таппай келишет: эмнеге улуу жазуучунун кызы мурда депутаттык төш белгини тагынып жүргөндө карапайым кыргыз жарандарын түйшөлткөн эң талуулуу көйгөйлөрдү көтөргөн эмес? Анда электораттын көйгөйлөрү андан өтө алыс болчу, ал өзү дагы жүз миңдеген кыргызстандыктар кантип жашап жатканын, эмне үчүн энелер балдарын таштап, чет өлкөлөрдө жылдап иштеп жүргөнүн эч ойлончу эмес.

Азырчы, азыр Ширин эсине келип, күнү-түнү дебей элдин үмүт-тилегин жана муктаждыгын ойлонуп жүрөт. Анын мындай иштерди кайтарымсыз акысыз негизде жасап жатканына дагы ишенүү оңой эмес. Бул жаш кыздын абалы чындап эле аянычтуу: анткени кимдир бирөө азыр аны куурчактай пайдаланып жатат жана кийин тагдырдын сыноосуна таштап салат. Анткени тыштан сүрөөнгө алынган жарандык активисттердин баардыгы ошондой тагдырга туш болушкан эмеспи. 

Кызыгы "обу жок катын орсок уй саайт", болуп Райым Матраимов тууралуу ырдап чыкканын уктук. Тообо, бул турушунда жакында ырчылар менен ыр талашып, төрдөн сый талашпаса болду. Ширинге ишениш кыйын болуп калды...

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83