www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Айдар Нуралиев 04-ноябрь 2019, 14:33

Маданият Коом


Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Д.А.Жумабековдун, Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри А.С.Өмүрбекованын жана жалпы маданият кызматкерлеринин катышуусу менен өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

 Маалыматка караганда, майрамдык салтанатта  Кыргыз Республикасынын перезидентинин, Жогорку Кеңешинин жана өкмөттүн сыйлыктары маданият тармагында көп жылдан бери өзүрлүү эмгектенип келе жаткан кызматкерлерге тапшырылды.

Майрамдык салтанаттын алдында Кыргыз Республикасынын маданиятынын өнүгүп өсүүсүнө салымын кошкон Кыргыз Эл артистери кызыл килемден өтүп, майрамдык салтанат бардык багытты камтыган өзгөчө форматта өттү.

Эске салсак, маданият кызматкерлеринин күнү Кыргызстанда 24чү ирет белгиленип жатат. Алгач 1995-жылы салттанаттуу белгиленип, маданият кызматкерлеринин башын бириктирген.

Майрамдык кечеде  театр, цирк, опера, улуттук салттуу музыка жана башка искусствонун бардык тармактарын камтыган жаш таланттар тарабынан даярдалган гала концерт тартууланды.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83