www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Карамушкина Илмиянов менен Матраимовдун айырмасын билбейби?

Айдар Нуралиев 04-ноябрь 2019, 15:33

Саясат


Карамушкина Илмиянов менен Матраимовдун айырмасын билбейби?

Кыргыз тилинин башкы душманы, деги эле Кыргызстан үчүн күйүп койбогон Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина кызматта турган адам менен кызматта жок адамдын да айырмасын билбей турганын көрсөтүп алды. Бул тууралуу маалыматты Беспредел KG-КР жазып чыкты. 

Ал президент Сооронбай Жээнбековдун жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен 2-ноябрдагы жолугушуусунда Раим Матраимов тууралуу берилген суроого «Факты болсо айткыла, органдар териштирет, бирок эч ким факты, далилдерди бербей жатат» деген маанайда берген жообуна «Фейсбуктагы» баракчасына пост жазыптыр.

Ал өз постунда «Дал ушул сыяктуу эле убагында биз дагы Алмазбек Шаршеновичке Икрам Илмиянов тууралуу адамдар даттанып жатат деп айтканыбызда, ал аны коргогон жана чексиз ишенген. Ушундай эле айткан: «Мага факты бергиле, мен аны камайм!» деген. Анан мен арыздангандарга Икрам боюнча фактыларды же кандайдыр бир далилдерди бергиле деп кайрылсам, адамдар баштарын чайкап, күлүшкөн жана коркушкан», - дептир.

Эми ушундай салыштырууну парламент депутаты айта турган сөзбү? Биринчиден, ошол убакта Икрам Илмиянов мамлекеттик маанилүү кызматтарда турган. Демек, мамлекеттик маанилүү кызматта турган адамдын артынан айтылып турган сөздөр териштирилиши керек. Ал эми Раим Матраимов болсо Сооронбай Жээнбеков бийликке келген күндөн бери эч кандай мамлекеттик кызматта иштеген жок.

Экинчиден, эгерде Раим Матраимов тууралуу Ирина Карамушкинада конкреттүү факты жана далилдер болсо, анда ал эмнеге өзү аны айтпай отурат? Же коркуп атабы? Анын бул жерде корко турган дагы жөнү жок. Эгерде анын колунда Р. Матраимов боюнча факты жана дилилдер болгондо эбак эле кыйкырып чыкмак, «Фейсбукта» пост жазмак. Колунда факты жана далилдер жок. Анан отуруп алып минтип обу жок салыштырууну жзып отурат. Ушунтип элдин башын айлантам дегенче факты издебейби десең, деп кошучалаган Беспредел KG-КР.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83