www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда тамак-ашка ууланды делген эки бала мерт болду

Айдар Нуралиев 04-ноябрь 2019, 15:30

Борбордук Азия жаңылыктары


Казакстанда тамак-ашка ууланды делген эки бала мерт болду

Чымкент шаарында бир үй-бүлөдөн эки бала тамакка ууланып каза болду. Бул тууралуу шаардык өзгөчө кырдаалдар департаментине шилтеме берип Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 3-ноябрда бир аял үч баласы менен ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер 32 жаштагы аял менен анын 11 жаштагы уулун инфекциялык ооруканадан токсикологиялык бөлүмгө которушкан.

Эки баланын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок. Төрт жаштагы бала эртең менен инфекциялык ооруканада, 1 жаштагы ымыркай түштөн кийин токсикологиялык бөлүмдө көз жумган.

Чымкент шаардык өзгөчө кырдаалдар департаменти алар газга ууланбаганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83