www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Чынара Токонова каза болду

Алтын Булат 04-ноябрь 2019, 16:04

Турмуш Коом


Журналист Чынара Токонова каза болду

КТРКнын "Ала-Тоо 24" каналынын журналисти Чынара Токонова бүгүн, 4-ноябрда Бишкектеги ооруканалардын биринде көз жумганын кесиптештери билдирди.

Эскерте кетсек, ал кечээ, 3-ноябрда ушуну менен экинчи жолу инсульт болуп, ооруканага жеткирилген.

Буга чейин Чынара Токонова КТРКнын "Ала-Тоо 24"  каналдын директорунун орун басары Жылдыз Жумабекованын кысым көрсөткөнүнөн улам инсульт болуп, ооруканага жатып дарыланып чыкканын жергиликтүү маалымат булактарына айтып чыккан эле. 

37 жашында көз жумган маркум бир катар телеканал жана радиолордо эмгектенип келген.

NazarNews.kg маалыматтык агенттигинин жалпы жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83