www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО – Бейитке iPhone эстеликтер коюла баштады

Аман Аскаров 05-ноябрь 2019, 11:24

Дүйнө жүзүндө Коом


ВИДЕО – Бейитке iPhone эстеликтер коюла баштады

Акыркы учурларда эч нерсеге деле таң калбай калдык. Коомдо акылга сыйбас көп нерселер болууда. Төмөндөгү видео Казакстандын түштүгүндө жайгашкан Шымкент шаарындагы  көрүстөндөрдүн биринде тартылган. Анда бейиттин үстүнө коюлган iPhone эстеликти көрсөк болот. Бул өзгөчө эстеликте Орынбетов Заңгар Мүхтарүлы аттуу адамдын ысымы жазылган. 

Эстеликте iPhone'дун бардык атрибуттары, мындайча айтканда видеокамера, логотип, эки чекесинде баскычтары жана алдыңкы бетинде маркумдун аты-жөнү менен сүрөтү берилген. Эстеликтеги жазуудан маркумдун 1993-жылы туулганын жана ал 2016-жылы бул дүйнө менен кош айтышканын билсек болот. 

Буга  чейин, тагыраак айтканда 2018-жылдын 25-сентябрында   Орусиянын массалык маалымат каражаттарында  жана коомчулукта  ушул сыяктуу iPhone үлгүсүндөгү эстелик катуу талкууга түшкөн. Ал эстеликте жаш кыздын сүрөтү берилип,  телефондогу логотип, баскычтар, видеокамерасы да кошо берилген. Анын туугандары орусиялык маалымат булактарынын бирине маркум өзү ушундай эстелик каалаганын айтып беришкен. Себеби ал iPhone телефонун сатуу менен алектенчү.

Ушундан улам мындай өзгөчө эстеликтер iPhone тармагында сатуу, алуу  же жөн эле iPhone үлгүсүндөгү телефонду жакшы көргөндүгү үчүн коюлабы деген ой келет.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83