Айдар Нуралиев 05-ноябрь 2019, 11:12
Кечээ, 4-ноябрда саат 17:30да Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде Toyota Camry үлгүсүндөгү унаасы менен актёр Бакыт Осмонканов "Россия" кинотеатрынын аймагындагы тротуарга кирип бара жатканын видеого тартып алышкан.
Эмне себептен мындай кылганын актёр Sputnik маалымат агенттигине айтып берген.
"Унаам "Россия" кинотеатрынын унаа токтотуучу жайында турган болчу. Алдыма Mercedes үлгүсүндөгү авто токтоп алыптыр, же телефон номерин таштап койгон эмес. 10-15 мүнөттөй күтүп турдум. Радио эфирге шашып жаткам. Таксиге отура калайын десем жолдон бир дагы унаа көрүнбөдү. Аргам калбады", — деген ал.
Мындан сырткары, кырдаалдан чыгуунун башка жолун таба албай койгонун кошумчалаган.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!