www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ашыкча тайраңдаба. Өзбекстанда той өткөрүүнүн жаңы эрежеси бекитилди

Айдар Нуралиев 05-ноябрь 2019, 11:25

Турмуш Коом Борбордук Азия жаңылыктары


Ашыкча тайраңдаба. Өзбекстанда той өткөрүүнүн жаңы эрежеси бекитилди

Өзбекстанда үйлөнүү той, үй-бүлөлүк мааракелер, эскерүүлөр жана иш-чараларды өткөрүү жобосу бекитилди. Бул эреже  2020-жылдын 1-январынан тарта ишке кирет. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Эреже боюнча, үйлөнүү той, үй-бүлөлүк мааракелер, эскерүүлөр жана иш-чараларды өткөрүү, бир гана күн, саат 06:00дөн баштап 23:00гө чейин өткөрүлүшү керек.

Ал эми чакырылган коноктордун саны 200-250дөн, ырчылардын саны экиден ашпоосу зарыл. Ошондой эле, келин менен күйөө баланы той өтүп жаткан жерге алып келүүдө, кортежде үчтөн ашык унаа колдонууга болбойт.

Той ээси менен той өтүүчү ресторандын администрациясы укук коргоо органдарына той болоорго  кеминде 2 күн  калганда жазуу түрүндө кайрылуусу керек.

Эреже бузгандар 2,2 миллион сумдан 11,1 миллион сумга (1 миллион сум 7350 сомго барабар) чейин айып төлөшү мүмкүн.

Эске салсак, 2007-жылы Тажикстанда да тойдогу чыгымдарды азайтуу боюнча жаңы мыйзам киргизилген. Анда чакырылган коноктордун саны 150дөн ашпай, тойдун узактыгы үч саатка гана мерчемделген. Ал эми эрежени сактабагандарга 3 миң долларга чейин айып пул салынат.

Мына ушундай мыйзам бизде да иштелип чыгып, ал аткарылса, өлкөбүз бат эле бутуна туруп кетсе керек эле. Себеби, кыргызда тапканынын баары аш-тойлорго жумшалат эмеспи, ал эми акчасы жоктор кредит алып той өткөрүп келишет.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83