www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын шаарында Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянт пайдаланууга берилди

Кызгалдак Жакыпова 05-ноябрь 2019, 14:13

Саясат


Нарын шаарында Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянт пайдаланууга берилди

Кечээ, 4-ноябрда Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтындагы реконструкциялоо иштери аяктап, шаар эли көптөн күткөн коомдук жай пайдаланууга берилди.

Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин колдоосу менен республикалык бюджеттен 19 миллион 600 миң сом бөлүнүп берилген. Ал эми Турдакун Усубалиевдин айкели жеке ишкер Аскар Салымбековдун демөөрчүлүгү менен тургузулду.

Курулуш ишин “Бейшенбай курулуш” жоопкерчилиги чектелген коому жүргүздү.

Борбордук аянтты реконструкциялоо Нарын шаарынын инфратүзүмүн жакшыртуу максатындагы 17 долбоордун бири болчу. Буга чейин долбоор даярдалып, каражат изделип келген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Булак: NazarNews.kg

На изображении может находиться: огонь и ночь

На изображении может находиться: на улице

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83