www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусияда 25 жаштагы кыргыз жараны жол кырсыгынан көз жумду

Айдар Нуралиев 05-ноябрь 2019, 14:22

Коом Дүйнө жүзүндө Кылмыш жана кырсык


Орусияда 25 жаштагы кыргыз жараны жол кырсыгынан көз жумду

Орусиянын Ленинград облусунда жол кырсыгы болуп, анын кеспетинен 1994-жылы туулган, Кара-Суу районунун  тургуну каза болду. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык Ленинград облусунда 1-ноябрда болжол менен түнкү саат 2:16да болгон. Анда Suzuki Grand Vitara жана  Skoda Octavia автоунаалары кагышып, кыргыз  жараны болгон Шкоданын 25 жаштагы айдоочусу каза болгон.

Сөөктү  жеткирүү  боюнча зарыл болгон документтер даярдалып, маркумдун денеси бүгүн эрте менен Санкт-Петербург – Ош авиакаттамы менен жеткирилген.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83