www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Карызыбыз ар бир жаранга 700 доллардан тиет

Айдар Нуралиев 05-ноябрь 2019, 14:50

Экономика Коом


Карызыбыз ар бир жаранга 700 доллардан тиет

Кыргызстандын тышкы карызы 4.5 млрд доллар экени айтылып жүрөт. Кытайга эле 1,7 млрд доллар карызбыз. Буга чейин төлөгөн карыздарды эске алганда жалпы 9 млрд.долларга чейин карыз алганбыз. Аны кайтаруу лимити да жакындап келатканын адистер айтышат. Бул тууралуу "Факты.kg" гезити жазып чыкты. 

Мамлекеттик карызды иликтей келгенде ар бир кыргызстандык жаранга орточо 700 доллардан тиет экен. Карыздан кутулуу үчүн жалпылап акча чогултуу да уюштурулган. Бирок, майнап чыккан эмес. Карапайым адамдар бул аракетти атайын уюштурган чоңдордун оюну деп, карызды алган ошол чиновниктер төлөш керек экенин айтышкан.

Дүйнөдө дээрлик бардык өлкөлөр Кыргызстан сыяктуу эле карызкор. Бирок, Кыргызстан менен Тажикстан карыз алууда алдыңкы сапка чыгып Кытайдан ашыгы менен алган өлкө катары айтылып келет. Ал турсун карызы үчүн өз эгемендигин жоготуп коюу коркунучу бар өлкөлөр тизмесине да кирген.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83