www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО – Таксистти тапанча такап коркутуп тоногондор кармалды

Аман Аскаров 05-ноябрь 2019, 15:13

Кылмыш жана кырсык


ВИДЕО – Таксистти тапанча такап коркутуп тоногондор кармалды

Төмөндөгү видео мессенджерлер аркылуу калк аралап жүрөт. Сүйлөшүүлөргө караганда, бул видео Кыргызстанда тартылган, бирок качан, кайсы жерде, ким тарабынан тартылганы белгисиз.

Ал видеодон эки адамдын желкесинен кармап алып  камыштын арасынан бир адам жетелеп келе жатканын, жанында укук коргоо органынын кызматкерлери тапанча менен ал адамдарды кармаганга жардам берип жатканын көрсөк болот.

“Мына ушулар тоноп кетишти. Колумду, бутумду, көзүмдү байлады. Бирөөсү мойнума бычак такады, бирөөсү тапанча менен корткутту. Мына мойнумда изи бар. Бул таксыр бычак такады. Акчаны алып кеткиле. Машинага тийбегиле десем болбой коюшту”,-деп жатат жабырлануучу. 

Айтымында, анын башына тапанча менен чаап, колу-бутун байлап камыштын арасына таштап салышкан.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83