www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Instagram аркылуу аялдарды кулчулукка сатып келишкен

Айдар Нуралиев 05-ноябрь 2019, 16:32

Кылмыш жана кырсык Дүйнө жүзүндө Коом


Instagram аркылуу аялдарды кулчулукка сатып келишкен

Кувейтте Google Play,  Apple, App Stote, Instagram тиркемелери аркылуу үй жумушчуларын кул катары ачык эле сатууда. Бул тууралуу ВВС кызматы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, миңден ашык аялды жашына, өңү-түсүнө карата сорттоп, бир нече миң долларга баалап сатышууда.

ВВС араб кызматы базар кайсыл жакта жүрүп жаткандыгы, кантип соода жүргүзүп жатышкандыгы тууралуу иликтөө жүргүзүшкөн. Журналисттер 57 аккаунттун колдонучулары менен сатып алуучу катары сүйлөшүп, 10 дон ашык үйгө барышкан. Сатуучулар кулдардын жашы 16 жаштан башталарын, аялдын жашына, өңү-түсүнө, күчүнө карата сорттоп, бир нече миң долларга сатылаарын айтышкан. Мындан тышкары индиялык кулдар кир келишерин, баасы дагы арзан экенин белгилешкен.

Ал эми, Кувейттин өкмөт башчысы бул боюнча укук коргоо органдары иш алып барып жаткандыгын, тиркемелердин баардыгына тыюу салынгандыгын билдирген. Бирок, тиркеме Google Play менен  App Stote,де азыр деле жеткиликтүү.

Эске салсак, мындай кара базар Кувейтте гана эмес, Сауд Арабиясында кездешет.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83