www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Элит Хаус” ИИМге унаа белек кылды. 102нин ордуна курулуш компаниясынын логотиби түшүрүлбөйбү?

Аман Аскаров 05-ноябрь 2019, 16:46

Коом


“Элит Хаус” ИИМге унаа белек кылды. 102нин ордуна курулуш компаниясынын логотиби түшүрүлбөйбү?

Жеке ишкерлер ИИМге унаа белек кылышты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. 
Маалыматка караганда, иш-чарага ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов, ИИМдин Борбордук аппаратынын башкармалыктарынын жана кызматтарынын башчылары менен жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. 

“Элит Хаус” курулуш компаниясынын башкы директору Тимур Файзиев компаниянын атынан Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракеси менен ички иштер органдарынын кызматкерлерин куттуктады. Ошондой эле “Элит Хаус” курулуш ишканасы ИИМге “Лада Гранта” үлгүсүндөгү унааны белек кылды. 
Мындан тышкары Мирлан Исагалиев аттуу жеке ишкер дагы ИИМге “Фольксваген” үлгүсүндөгү унааны тартуулады.

Эске салсак, жакында эле “Элит Хаус” курулуш компаниясы спорт ордосунун отургучтарын оңдоп, ага компаниянын логотибин жазышкан эле. Мына бүгүн ошол эле курулуш компаниясы ИИМге автоунаа белек кылып жатат. Ушундан улам ал компания белек кылган  автоунаанын отургучуна да курулуш компаниясынын логотиби чапталган эмес бекен деген ой кетет экен. Тилекке каршы азырынча бул унааны жанынан көрө элекпиз. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83