www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвада теракт кылууга шектелип кармалган кыргыз жараны тууралуу маалыматты элчилик иликтөөдө

Алтын Булат 06-ноябрь 2019, 09:45

Кылмыш жана кырсык Борбордук Азия жаңылыктары


Москвада теракт кылууга шектелип кармалган кыргыз жараны тууралуу маалыматты элчилик иликтөөдө

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада теракт жасоого аракет кылган деген шек менен кармалган адамдын чоо-жайын териштирүүдө. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришти.

5-ноябрда Москванын Черемушка райондук соту борбор азиялык 30 жаштагы Талант аттуу жаранды камоого санкция бергенин «Интерфакс» агенттиги жазган.

«Настоящее время» телеканалы Тергөө комитетинин өкүлү Юлия Ивановага таянып, ал жаран кыргызстандык экенин, Москвага сентябрда барганын кабарлады.

Шек саналган адам 2020-жылдын 1-январына чейин камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83